Turmush — Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Токторбек Бейшенбек уулу Алтын туяк аттуу кочкорун сатыкка чыгарды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Учурда кочкор 4 жашта, боюнун узундугу 1,3 метр, салмагы 170 килограммдан ашык. Ал Жумгал районунда «Арашан» породасындагы кой-кочкорлор арасында өткөн жармаңкеде салмагы жана асылдуулугу боюнча 3 жолку чемпион болгон.
«Алтын туяк азыр 200 миң сомго чейин бааланып жатат. Жалал-Абадга алып кетебиз дешти.
Асыл тукум малга болгон кызыгуум 2013-жылы башталган. Съездбек деген дос балам үйгө келип: «Козу-кочкорлор бар, көрбөйсүңбү» деп, аябай кызыктырып салды. Фермер Тасынбек Токтоналиевден дароо бир кочкор, бир козу алып, чарба койлорума коштум. Кийин жаш фермер Урмат Күрүчбековдон да алдым. Өткөн жылы Фокустун баласы Форик, Акула деген кочкорлорду коштуруп, тукум алдым. Азыр андан козулар бар. Негизи сандан сапатка өтүш керек экен. Малдын баасы да жогору болот. Кадимки эле кыргыз кой-кочкорлорду баккандай эле болосуң. Жумгалда кармагандар көп. Жыл сайын Улуу Жеңиш күнүндө жармаңке өтөт. Жумгалга Форик менен Акула деген кочкорлор 4,5 миң долларга алынып келген. Барган сайын асылдуулук жакшырууда», - деди ал.
Токторбек Бейшенбек уулу акыркы 5 жылдан бери «Арашан» породасындагы кой-кочкорлорду багып келет.
------------------------
Бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.
«Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.
Республика боюнча «Арашан» породасындагы койлордун жалпы саны 5800 баштан ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...