Turmush — Акыркы жылдары Кыргызстанда «Арашан» породасындагы кой-кочкорлордун баасы өсүп, алды Бишкектеги батир, кымбат унаалардын баасына тете болуп калды. Буга чейин эмне себептен «Арашан» породасындагы кой-кочкорлордун баасы болуп көрбөгөндөй кымбат сатылып жатканын Улан Атабаев айтып берген. Аймактык кабарчы бул жолу «Арашан» породасындагы кой-кочкорлордун эти тууралуу маалымат даярдады.
Сокулуктун Төрт-Күл айылынын 27 жаштагы тургуну Мухтарали Абдимиталип уулу жакында эле чарба кой менен «Арашан» породасындагы кочкордун ортосунан чыккан койду союп, 1 кг этин 500 сомдон сатты.
Өзүнүн айтымында, бул койду базарга алып барып, ойдогудай баага саталган эмес. Мындан улам союуну чечкен.
«Орто жаштагы кой сойдук. 45 кг таза эт берди. Аны 500 сомдон айлыкка чейин деп элге тараттык. Ошондо бул кой 22 миӊ сомдой болуп берет. Базарга тирүүлөй алып барып саталы десек, жөнөкөй чарба койдой баалап коюшту. Анткени "Арашан" койлору өӊү-түсү, турган турпаты менен бааланат экен.
Бизде чарба койлор бар болчу. Кийин "Арашан" алып келгенбиз. Жылдан жылга койлорду асылдандырууга өтүп жатабыз», - деди ал.
Ал эми Москва районундагы Кара-Суу өрөөнүндө жашаган фермер Улан Атабаев «Арашан» породасындагы койлордун этине кеӊири токтолду.
«Арашан" кочкору 2 жаштан өткөндө 65 пайызга чейин таза эт берет экен. Тактап айтканда, 160 кг салмактагы кочкор 96 кг таза эт берет. Ал эми коюу 55 пайызга чейин эт берет. Мисалы, койдун тирүүлөй салмагы 100 кг болсо, анда ал 50 кг таза эт берет. Жаш козулар дагы 65 % эт берет.
"Арашан" кой-кочкорлордун сөөктөрү жоон жана булчуӊдары чоӊ болгондуктан салмагы оор болот. Булчуңу чоӊ болсо, эттин дагы пайызы көбүрөөк болот. Бул породаны эт үчүн эмес, чарбаны асылдандыруу үчүн алат. Мындан тышкары киреше табуу максатында көбөйтүшөт. Негизи булардын жилиги чарба койлорго караганда чоң келет.
Көбүнчө козуларды соёбуз. Союла турган 4 айлык орто козу 20 кг таза эт берет. Былтыр төрт жарым айлык кочкорду таразага тартканда 65 кг (тирүүлөй салмак) чыккан. Эми андайлар этке союлбайт, тукумдукка кетет», - деди ал.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...