Turmush — Талас районунун Сасык-Булак айылынын 33 жаштагы тургуну Мирбек Кудакеев Арашан породасындагы койлорду багып жатат. Фермер менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.
Мирбек Кудакеев 1990-жылы аталган айылда төрөлгөн. Жумагул Алыкулов атындагы орто мектебинен 9-классты аяктаган соң Бишкек шаарындагы Алиаскар Токтоналиев атындагы финансы техникумун бүтүргөн. Учурда инженер-механик адистиги боюнча билим алып жатат. Ал 2019-жылы өндүрүш завод курган компанияда ширетүүчү болуп иштеген. 2020-жылдан баштап сантехник болуп эмгектенип келет.
Мирбек Кудакеев 2018-жылы үйлөнгөн. Учурда жубайы экөө 3 баланы — 2 кыз жана 1 уулду тарбиялап жатышат.
«Орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө ширетүүчү кесибинин ээси болдум. Ширетүүчү болуп иштеп, андан сырткары мал багуу менен алектенем. Атам Дамир Молдалиев Бекмолдо айыл аймагынын ветеринары. Мал багуума атам түркү болду. Бала кезимден эле атамдын жылкы, кой, уй бакканын көрүп жүрдүм. Кийин таза кандуу малдарга кызыгып калдым. Атам жакшы мал көрсө айтып келчү. Ошондон кызыгуу пайда болду», - деди ал.
Анын айтымында, 2022-жылы Кара-Буура районундагы Суулу-Маймак айылындагы жакын досу аркылуу Арашан породасындагы койлор тууралуу билген.
«Ал 2 жылдай мага малдын видеолорун, сүрөттөрүн, бааларын жөнөтүп, кызыктырды. 2022-жылы андай малды алууга каражатым тартыш эле. Бирок бир тууган агама айттым, анын да малдары бар эле. Биротоло ушул породадагы малдарды багууну сунштадым. Ал макул болуп, малдарды саттык. Унаамды, агамдын малдардын, үйүн саттык. Ошентип Арашан породасындагы 20 баш кой, 1 чоң кочкорду — Шарбейдин баласын 150 миң сомго алганбыз. Андан тышкары 1 койду досум мага белекке берген. Жалпы 750 миң сом акча каражаты кетти», - деди ал.
Ал таза кандуу мал багууда сыноого туш болгонун кошумчалады.
----------------------------------------------------------
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги эт жана май багытындагы Арашан аттуу жаңы кой породасын каттаган. Маалым болгондой, бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган.
Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн. Арашан породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз. Макаланын жабык бөлүгүндө фермердин байланыш номуру да бар.