Turmush — Манас районунун Чоң-Капка айылынын 41 жаштагы тургуну Капар Таштаналиев бир топ жылдан бери арашан породасындагы койлорду багып келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча юрист.
«Кесибим боюнча иштебейм. Мал менен алек болуп, дыйканчылык кылып, жер иштетип келем. Малга бала күнүмдөн жакын болуп чоңойдум. Ата-энем союз убагында мал багып калышкан. Ошондон уламбы айтор малга кызыгып, мал багып жүрөм. Малдын башы ата-энемден калган. Атамдын көзү өтүп кеткен, апам бар. Ошолордон калган малды улап келе жатам.
Башында биздики жөнөкөй эле койлордон кыргыз койлорго айланган. Мен жогорку окууну аяктап, жеке ишканада иштеп калдым. Ошол жерден бир дос бала менен таанышып, сүрөтүнөн бир кочкорду көрүп калып кызыгып калгам. Кийин айылга келип, атама айтып, сүрөттөн көргөн кочкорду баксак кандай болот деп сунуштап көргөм. Атам сунушумду четке какпай «багып көрөлү» деп, 2011-жылдын жаз айында кочкорду алдырткан. Дос балама барып, козу кочкору менен алып келгем. Ошондон бери аракеттенип багып келе жатам», - деди ал.
Фермер буга катар малына канча тоют кетерин айтты.
«Жайында классташ балам Суусамыр жайлоосуна чыгат. Ошол жакка кошуп жиберем. Күзүндө алып келип берет. Жайында өзүм тоюттарын камдап баштайм. Чөп тоюту азыраак болсо сатып алам, жемдерин сатып алып келем. Кышкысын жалпы 1,5 миң түк чөп кетип калат. Арашан койлордун өзгөчөлүгү салмактуу, боюу бийик, кулактары узун, куйругу өйдө, бели түз болуп сулуу келишет», - деди ал.
Фермер үй-бүлөдө 5 бир тууган. Жубайы экөө 1 уул, 2 кызды өстүрүп жатат.
- Капар Таштаналиевдин телефон номери жана койлорду дарылатуу жөнүндө маалыматты биздин сайтка катталуу менен ала аласыз.
- - - - - - -
2021-жылы апрель айында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги эт жана май багытындагы «Арашан» аттуу жаңы кой породасын каттаган.
Маалым болгондой, бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.
«Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.
Республика боюнча «Арашан» породасындагы койлордун жалпы саны 5800 баштан ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.
Өлкөдөгү фермерлер тууралуу «Кыргызстандагы ийгиликтүү 120 фермер» журналынан окуй аласыз.
Журналда миллиондогон кирешелерди тапкан алдыңкы малчылар, дыйкандар, багбандар, балыкчылар, аарычылар жана башкалардын ийгиликтеринин сырлары, даректери, телефон номурлары жазылган.
Баасы 1000 сом.
Журналды бардык облустардан алууга мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн Бишкек шаарындагы башкы кеңсенин +996 (312) 45 66 72, +996 (312) 65 02 04 жана 0(550) 26 50 13 номурлары иштейт же aimak.akipress@gmail.com электрондук дарегине кат жазыңыз.