Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын тургуну Адылбек Адиев баасы 5 миң долларды чапчыган койлорду багып келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Айыл тургуну кымбат баалуу койлорду багып калгандыгы боюнча төмөнкүлөргө токтолду.
«Мындан 7-8 жыл мурда агам Казакстандын Шымкент шаарынан гиссар породасындагы койлорун алып келип бага баштады. Салмагы да, баасы да жакшы болгондуктан менин да кызыгуум артып, кой багууга өттүм. Алгач гиссар койлорун багып, акырындык менен жаңы породалар менен аргындыштырууга бел байладык. Долан породасындагы койлор да мыкты болгондуктан, козуларын алып келип бактык.
Кара-Балта шаарынан Бруно, Тайлак аттуу кочкорлорду алып келип, койлорго кошуп, жасалма уруктандыруу жүргүздүк. Кийинчерээк Набат, Тапан жана Ополтой кочкорлорун да алып келдик. Учурда узун кулактуу Арашан породасындагы койлорду багып жатабыз. Бул койлор тез салмак алып, баасы да жакшы. Биз эки ирет көргөзмөгө катыштык, калыстар жакшы бааларды беришти», - деди ал.
Долан — дүйнөдөгү эң кымбат койдун породасы. Ал абдан сейрек кездешет. Дүйнө жүзү боюнча 1000ге жакын адам бар. Койдун бул породасын өстүрүү менен Кытайда алектене баштаган. Мындай койлор салмактуулугу жана тез осушу менен да баалуу. Алты айдын ичинде кой укмуштуудай чоңоюп, салмагы 90 килограммга жетет. Бүгүнкү күндө койлордун бул тукумун өстүрүү декоративдүү болуп калды.
Долан кой породасын сатып алуучулар негизинен кытайлык миллионерлер болгон. Анткени, бир койдун баасы эки миллион долларга бааланууда. Долан койдун баасы бир нече параметрлер боюнча бааланат. Кой кара жүндүү, мурду кыйшык, кулагы өтө узун болсо, кымбатыраак болот.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...