Turmush — Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылынын 30 жаштагы тургуну Абас уулу Атайдын чарбасында 200 баш кой-кочкорлору бар. Ал 6 күн шаарда кесиби боюнча интернет туташтырып иштесе, дем алыш күнү чарбасына жардам берет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
«Атам, анын бир туугандары союз кезинде колхоздо кой менен иштешкен. Анда меринос жана кыргыз ак койлору бар болчу. Кийин эгемен жылдардан тарта алардын арасына гиссар кочкорлорду алып келип кошо баштадык. Ал кезде Кант, Токмок жана башка шаарлардагы базарлардан же мыкты деген чарбалардан алчубуз. Ошентип 20 жыл селекция жүргүзүп отуруп, азыркыдай натыйжага алып келдик. Негизи атактуу кочкорлордун тукумунан алган жокпуз. Кийин гана, 2017-жылы «Кеша» аттуу атактуу кочкорду 70 миӊ сомго сатып алганбыз. Ал кезде 70 миӊ сом 1 миӊ долларга тете болчу. «Кешанын» бою 1 метр 3 см, кулагы 20 см. Аны Нурдин деген тургундан сатып алганбыз. Анын козуларын азыр сатып, пайдасын көрүп жатабыз. Мисалы, козуларынын эӊ кымбаты 100 миӊ сомго жетти. Негизи 80 миӊ сомдун терегегинде сатылат. Ошентип чарбабыздагы 200 баш койдун ичинен 60ы «Арашан» десек болот. Бир жылдары көргөзмөгө ургаачы койду алып барып, бою жана салмагы менен 1-орунду алганбыз. Анда ал койдун боюнун узундугу 95 см болсо, салмагы 134 кг чыккан. Ал эми кочкорумдун салмагы жетпей, орун албай калган», - деди ал.
Абас уулу Атай 1992-жылы Сары-Булак айылында туулган. Кесиби боюнча инженер-системщик.
«Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен окугам. Учурда интернет кошуу тармагында иштейм. 6 күн шаарда, 1 күн айылда, чарбада эмгектенем. Койдон сырткары чарбабызда кыргыз жылкылары жана букалар бар», - деди ал.