Turmush — Каракол шаарынын 35 жаштагы тургуну Айболот Оторов асыл тукум койлорду багып жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Өзүнүн айтымында, асыл тукум кой багып жатканына жалпы 5 жыл болду. Анын ичинен 3 жылдан бери таза кандуу Арашан койлорду багуу менен алек.
«Учурда 2 кочкор бар. Биринчиси — Бадро, белгилүү Красавчиктин линиясынан, 4 тиш болду. Экинчи кочкор — Ахиллес, Статус аттуу белгилүү кочкордун линиясынан. 11 айлык болгон козу кочкорлорду тааныштар тукумдукка алып кетишкен. Койлордон 15 баш бар, булар 2, 4, 6 тиштик койлор. Азыр тууп жатышат. Токтулардан 5 баш бар, калганы быйылкы козулар.
Башында жөнөкөй эле койлорду багып жүрдүк. Кочкор караштырып жүрүп, Канттан Нурбек аганын дарегин таап, Красавчиктин линиясынан козу кочкор, ага кошуп Арашан койлорду да ала келип, көбөйтүп баштадым. Биз алып жатканда койлор 15-20 миң сом эле болчу. Азыр абдан кымбаттап кетти. Бизден да көптөгөн кишилер келип, козу кочкорлордон алып кетишти, азыркыга чейин кабарлашып турабыз.
Өзүм мамлекеттик жумушта иштейм. Бош убактымда кой багуу менен алекмин. Көбүнчө койду жубайым менен балам карайт. Алар менден да жакшы билишет, бардыгына ат коюп алышкан. Жашын, кайсы айда туулганынан бери билишет. Жубайым Айсулуу, уулум Азирет 7 жашта. Жубайым койлордун баасын бычат», - деди ал.
Анын айтымында, кой жакшы болсо, кардар издеп деле убара болбойсуң. Анткени козулар 1-2 жумалык кезинде эле баалап, брондоп кетишет. Фермер малдын башын көбөйтүп, бизнес ачууну көздөп жатканын кошумчалады.
Маалыматтын жабык бөлүгүндө Арашан тукумундагы кой-кочкорлордун өзгөчөлүгү тууралуу окуй аласыздар.