Turmush — Ош технологиялык университетине Кытай Эл Республикасындагы Ouyu Huatong Beijing Trading Co., Ltd. компаниясынын башчысы Ван Дунчен жана орун басары У Хань, Xinggong Constraction Co., Ltd. компаниясынын башчысы У Сяовень иш сапар менен келди. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Делегацияны ОшТУнун Кытайдагы өкүлү Чень Синьлей жетектеп келди. Аталган делегацияны ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев кабыл алып, университеттин структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңейтилген курамда кызматташуу жыйыны болду.
Жолугушуунун максаты ОшТУнун билим берүү ресурстарын экспорттоо, университеттин өсүп-өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу, эл аралык кызматташууларды кеңейтүү болуп саналат. Жыйын суроо-жооптор менен коштолду. Жыйынтыгында коноктор окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты.
CSCSE уюмунун маалыматы боюнча, Ош технологиялык университетин аяктаган кытайлык студенттердин дипломдору Кытай Эл Республикасында таанылат.
CSCSE — бул Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигине караган чет өлкөлүк дипломдорду таануу жана баалоо боюнча тейлөөлөрдү көрсөтүүчү жападан жалгыз расмий уюм. Ал уюм чет өлкөдө окуусун аяктаган кытайлык студенттер жана окумуштуулар, ошондой эле Кытайда окуусун же карьерасын улантууну каалаган чет элдиктер үчүн чоң кызмат көрсөтүп келет.
CSCSE уюму тарабынан чыгарылган чет элдик квалификациялардын салыштырылышы жөнүндө билдирүү кытайлык иш берүүчүлөр жана ар кандай секторлордогу мекемелер тарабынан кеңири таанылган.