Turmush — Ош технологиялык университети Кытай Эл Республикасынын Хэнань, Шаньдун провинцияларында расмий өкүлчүлүктөрүн ачты. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Ачылуу жыйынына ОшТУнун делегациясы жана өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, Кытайдагы өнөктөштөр жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Салтанаттуу иш-чарада ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев сөз сүйлөп, анда бул өкүлчүлүктөр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, окуу жайдын өсүп-өнүгүүсүнө, инвестиция үчүн жаңы платформалардын жараларына ишеним артарын баса белгиледи. Ошондой эле ОшТУнун эл аралык кызматташтыгындагы артыкчылыктуу багыттар, Кытай өлкөсүнөн келчү студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр, окуу жайдагы түзүлгөн шарттар, академиялык мобилдүүлүктөргө болгон басым, эл аралык биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлору туурасында кеңири айтып өттү.
Учурда Кытайдагы Хэнань провинциясында 99,3 млн, Шаньдун провинциясында 101,5 млн. калк жашайт.