Turmush — Ош технологиялык университети менен Кытай Эл Республикасындагы компаниялар стратегиялык кызматташууну макулдашты. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Бул максаттарын жемиштүү ишке ашыруу үчүн ОшТУ менен Ляочэн шаарындагы «Hi-Tech Talant Group» мамлекеттик компаниясынын ортосунда адам ресурстарын өнүктүрүүгө багытталган (бакалавр, магистратура, доктарантура/PhD, аспирантура боюнча) эки тараптуу кызматташуу келишими түзүлдү.
Келишимдин мазмуну «Бир алкак — бир жол» эл аралык программанын алкагында жогорку технологиядагы таланттарды өнүктүрүү боюнча биргелешкен окууларды ишке ашыруу, академиялык тажрыйба алмашууларды жүргүзүү, илимий-изилдөө багытындагы долбоорлорду жана жаңы платформаларды түзүү, эмгек рыногунда кызматташуулар камтылды. Бул компания 2020-жылы түзүлгөн, уставдык капиталы — 500 млн юань.
Жолугушуу иш-чарасына ОшТУнун делегациясы жана аталган компаниянын жетекчилиги: президенти Лу Хайминг, башкы директору Хуан Сяо, партиянын катчысы Се Чжицзе жана башкармалыктын мүчөлөрү катышты.
Ал эми Чжэнчжоу шаарындагы Ouyu Huatong (Beiging) Study Abroad Consulting Service Co., Ltd. компаниясы менен ОшТУнун ортосундагы келишим — ОшТУга чет өлкөлөрдөн студенттерди тартуу, таланттууларды таанытуу жана башка маселелердин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн камсыздайт.
Иш-чарага ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев жетектеген делегация жана аталган компаниянын расмий өкүлдөрү: Чэнь Синьлей, Цао Доң, У.Сяовэн, Ци Ли жана башкалар катышты.