Turmush — Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында кардиохирургиялык операция жасалды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, клиникада биринчи жолу кардиохирургия боюнча бейтаптын жүрөгүн токтотпой, согуп турган абалда ачык түрдөгү коронардык артерияларды айланып өтүү хирургиялык операциясы жасалды. Коронардык артерияны шунтоо операциясы шунттарды (кан тамыр трансплантаты) колдонуу менен коронардык тамырдын тарылган жерин айланып өтүү аркылуу жүрөктүн артерияларында кан агымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берүүчү операция болуп саналат.
Операция ОшМУнун медициналык клиникасынын кардиохирургу Жакшылык Абдимиталип уулу баштаган клиниканын дарыгерлери жана Орусиядан чакыртылган кардиохирург Бакытбек Кадыралиев тарабынан жасалды. Учурда жүрөгүнө опперация жасаткан 60 жаштагы бейтаптын абалы туруктуу.
«Буга чейин медициналык клиникада оор жана жеңил түрдөгү операциялар жасалып жаткан. Биз жакынкы аралыктан бери клиникада кардиохирурхиялык операцияларды жасоого ылайыктуу шарттарды түздүк. Ал үчүн заманбап техникалык аппараттар, реанимация бөлүмүнө ылайыктуу жабдыктар алынды. Бүгүн жүрөгүнөн операция болгон бейтаптын абалынан кабар алып, дарыгерлер менен баарлаштым. Мындан ары да клиникада акыркы үлгүдөгү заманбап техникалар алынып, жарандардын ден соолугуна кам көрүүгө шарттар түзүлөт», - деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.
Учурда окуу жайдын клиникасынын операциялардын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.