Turmush — Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында тургундарды биримдикке, тазалыкка жана көрктөндүрүүгө чакырган демилге башталды.
Маалым болгондой, айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган «Гүлдөгөн Шумкар-Уя» аталышындагы сынак аймактагы көчөлөрдү жашылдандыруу, ирээтке келтирүү жана кооздоо максатын көздөйт. Сынактын жалпы байге фонду 200 миң сомду түзүп, жеңүүчүлөр үчүн олуттуу сыйлыктар каралган. 1-орунга 100 миң сом, 2-орунга 60 миң сом, ал эми 3-орунга 40 миң сом ыйгарылат. Бул болсо айыл тургундары үчүн чоң стимул болуп, ар бир көчөнүн активдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөт.
Сынакка айылдагы бардык көчөлөр катыша алат. Ар бир көчө бир команда катары чыгып, өз аймагын тазалап, гүл отургузуп, жашылдандыруу иштерин жүргүзөт.
Ошондой эле бирдиктүү дизайн түзүү, креативдүү жасалгаларды колдонуу жана коңшулардын ынтымагын бекемдөө негизги талаптардын бири болуп саналат.
Катышуучулар атайын белгиленген критерийлер боюнча бааланат. Тактап айтканда, тазалык, гүлдөрдүн кооздугу, дизайн, тургундардын активдүүлүгү жана креативдүүлүк эске алынат. Бул критерийлер аркылуу ар бир көчөнүн эмгеги адилеттүү бааланат.
Каттоо 1-майга чейин жүргүзүлөт. Ал эми конкурс 1-майдан 1-июлга чейин уланат. Жыйынтыгында эң үлгүлүү, эң кооз жана эң ынтымактуу көчөлөр аныкталып, жеңүүчүлөр расмий түрдө жарыяланат.