Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Улан конушунун тургундары ичүүчү суу маселесин өз алдынча чечүүгө аракет кылып жатышат.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, 2024-жылы 20 түтүн үй-бүлө 5000 сомдон чогултуп, тиешелүү шаймандарды сатып алышкан. Тургундар өз күчү менен жерди казып, түтүк төшөп даярдаганы менен суу бүгүнкү күнгө чейин чыга элек.
«Биздин эмгек талаада калып жатат» деген конуш тургундары айыл өкмөтү маселени создуктуруп жатканына нааразы.
Ал эми Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Докоев Turmush басылмасына берген комментарийинде маселе чечиле турганын билдирди.
«Биз ишти 15-апрелде баштайбыз деп убада бергенбиз. Бүгүн кечке чейин жумуштарды бүтүрүп, эртең сууну берүүгө аракет кылабыз», - деди ал.