Turmush — Тогуз-Торо районунда 5 күндөн бери Нарын дарыясына түшүп кетип дайынсыз болуп жаткан 41 жаштагы киши изделүүдө. Мындай маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, аны издөө иштери Токтогул районунун аймагында да улантылып жатат.
«9-апрель күнү ӨКМге Тогуз-Торонун Кара-Суу айылындагы Көк-Таш тилкесинде 1985-жылы туулган А.А. аттуу жаран Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аны издөөгө 5 куткаруучу,1 дрон, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. Бүгүнкү күнү кошумча издөө иштерине Токтогул райондук №60 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылды», - деп айтылат маалыматта.
- Ушул күндөрү Нарын дарыясына чөгүп кетти делген 3 киши изделүүдө. Алардын алгачкылары 5-апрелде Нарын облусунда сууга чөккөн 5 жаштагы бала, ошол эле күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылындагы сууга аккан 8 жаштагы бала.