Turmush — Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Нарын дарыясына чөгүп кеткен баланы издөө иштери эки өлкөнүн аймагында уланып жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына район акими Максат Саргазаков билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта туруксуз аба ырайына карабай издөө иштери уланууда.
«Буга чейин сууга агып кетти делген 8 жаштагы баланын үй-бүлөсүнө барып кабар алып келдим. Учурда Үч-Коргон айыл аймагы аркылуу агып өтчү Нарын дарыясынын Өзбекстандын чек арасына чейинки аралыгында ӨКМдин 3 бригадасы иш алып барып жатат. Үч-Коргон жана Шамалды-Сай ГЭСтеринде суунун көлөмүн азайтып туруу боюнча кат жолдогонбуз. Кечээ Таш-Көмүр ГЭСине да кайрылдык, адистер күн сайын суунун көлөмүн 2-2,5 метрге чейин азайтып берип жатышат.
Ал арада коңшу Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун жетекчилиги жана Чек ара кызматынын жетекчилиги менен байланышып, биздеги абалды түшүндүрүп, ал тараптан көмөк сурадык. Коңшу өлкөнүн жетекчилиги да колдоого алып, Чек ара кызматы изделип жаткан баланын атасына коңшу өлкөгө тоскоолдуксуз кирүүгө уруксат берди. Наманган облусунун ӨКМ кызматы да суу жээктеринде издөө иштерин алып барып жатышат» - деди Саргазаков.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн, 9-апрелде Аксы райондук №30 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 12 куткаруучу 1 кайык, ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 5 куткаруучу (суучулдар) 1 кайык, ИИМден 3 кызматкер, Чек ара кызматынан 10 адам, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 40 адам, 2 кайык тартылды.
2026-жылдын 5-апрелинде 2018-жылы туулган К.И. аттуу жаш бала Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн убакыттан бери издөө иши үзгүлтүксүз улантылууда.
Буга чейин Turmush Аксы районунда Нарын дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы бала изделип жатканын жазган.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, окуя 2026-жылдын 5-апрелинде кечке жуук Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында болгон. Дарыянын жээгинде суу аз болгондуктан жаш балдар ойноп жүрүшкөн.
«Кечээ түштөн кийин 2018-жылы туулган бала сууга агып кетти деген маалымат тарады. Ошол учурдан бери айылдаштар, куткаруучулар тобу менен бирге издеп жатабыз. Балдар дарыяда суу аз болгондуктан жээкте ойноп жатышкан экен. 8 жаштагы бала иниси менен бирге болгону айтылып жатат. Кичинекей иниси бейтапканада экени айтылууда. Азыр 30 чакты ыктыярчы, 10 чакты куткаруучу Нарын дарыясынын жээгинде иш алып барып жатышат», - деген айыл тургуну.