Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну Нурболот Жыргалбек уулу мал чарбачылыгы менен алектенет. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде мал чарбачылыкты баштоого коронавируска байланыштуу карантип себеп болгонун айтып берди.
Каарманыбыз 2001-жылдын 28-июлунда Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөн. Учурда туулуп-өскөн айылында жашап, мал чарбачылык жана талаа иштери менен алектенет.
«Орто билим алгам. Кыргызстан эл аралык университетинде юриспруденция багыты боюнча жогорку окуу жайда экинчи курска чейин окуп, тилекке каршы уланта алган жокмун. Ошондон кийин жеке ишкерликке багыт алдым.
Малга болгон кызыгуум 2020-жылы карантин учурунда башталды. Окуудан айылга келип, ата-энемдин мал багып жүргөнүн көрүп, өзүм да бул тармакка киришүүнү чечтим. Илгертеден эле ишкер болуу максатым бар болчу. Ошол учурда үй-бүлөмө 1 миллион сом насыя алып, малды көбөйтөлү деген сунуш киргиздим. Ата-энем колдоп, ишти баштадык.
Алгач 20 баш букадан баштаганбыз. Албетте, башында оңой болгон жок — мал чарбачылыгы өзүнүн түйшүгү менен коштолот. Көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Бирок аракеттин жыйынтыгында бүгүнкү күндө малдын саны 70 башка жетти.
Бул тармакта беш жылдан бери эмгектенип келем. Негизинен атамдан үйрөндүм. Ошол эле учурда өз алдынча изденип, малды семиртүү боюнча ар кандай ыкмаларды колдонуп көрдүк. Жыл сайын тажрыйба топтоп жатабыз. Шаарда окуп жүргөндө бизнес-тренингдерге катышып, ишкерликке болгон кызыгуумду дагы арттыргам. Чынын айтсам, дал ошол коронавирус учуру мага чоң түрткү берди», - деди ал.
Анын айтымында, учурда чарбасындагы негизги багыты — буканы бордоп семиртүү. Мындан тышкары аз санда кой жана уй да багат.
«Малга жакшы кам көрүү үчүн сапаттуу тоют даярдоо маанилүү. Ошондуктан талаачылык менен да алектенебиз. Акыркы эки жылдан бери жүгөрү эгип, силос даярдап жатабыз. Кышкысын малга жем-чөп, витаминдер берип, күн сайын көзөмөлдөп карайбыз. Малга канчалык көңүл бурулса, ошончолук берекелүү болот.
Ошондой эле букаларды сатып, ордуна кайра алып иштейм. Чыгышына жараша кичинерээк алабыз. Бир жашында алып, 5 ай жайлоого багып, 5 ай байлап, кайра сатам. Азыр кичинекей торпоктор бар.
Бул иштин негизги максаты — киреше табуу. Ошол эле учурда бул эмгек чоң чыдамкайлыкты талап кылат. Мал чарбачылыгында бош убакыт дээрлик болбойт, моралдык жана физикалык жактан да чарчатат. Ошондуктан бош убакытта эс алууга аракет кылам. Спортко да кызыгам, көк бөрү ойнойм, ат таптап машыгам.
Учурда малдардын абалы жакшы. Келечектеги негизги максатым — асыл тукум малга өтүп, санынан сапатына көңүл буруу. Айрыкча эт багытындагы абердин-ангус породасындагы уйларды көбөйтүп, чоң эт багытындагы чарба түзүү», - деди ал.
Нурболот Жыргалбек уулу төрт бир туугандын улуусу.