Turmush — Кечээ, 2-апрелде Талас облусунда ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында маркум милициянын капитаны Мелис Ниязалиевдин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча турнир өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, турнирге Талас ОИИБдин, ШИИБ, РИИБдин жана ИИМдин тез чара көрүү атайын отрядынын Талас облусу боюнча тез чара көрүүчү отрядынын командалары катышты.
Жыйынтык:
- 1-орун — ИИМдин ТЧКАОнун Талас облусу боюнча тез чара көрүүчү отрядынын командасы;
- 2-орун — Талас РИИБдин командасы;
- 3-орун — Айтматов РИИБдин командасы.
Жеңген командаларга кубок, медаль жана башка сыйлыктар тапшырылды.
Мелис Ниязалиев 1978-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында туулган. 2000-жылы КР ИИМдин Бишкектеги жогорку мектебин аяктаган соң ички иштер органдарында өз кызматын баштаган.
Оперативдик кызматтарда иштеп, 28 жашында Бакай-Ата РИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматын ээлеп турган учурда, 2006-жылдын 16-ноябрь күнү РИИБдин алдынан кылмышкердин колунан курман болгон.