Turmush — Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында көмүр кампалардын карыздары боюнча жыйын өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жыйында «Кыргызкөмүр» ААКка болгон карыздарды жоюу маселеси талкууланды. Ага район жетекчилиги, Кара-Кече филиалынын директору, айыл өкмөттөрдүн, айылдардын башчылар жана көмүр кампа ээлери катышты. Жыйында көмүргө болгон карыз жылдан жылга азайбай, көбөйүп жатканы айтылды.
Район аймагында ачылган топ базалардын «Кыргызкөмүр» ААКка карызы:
- 2022-2023-жылдары — 1,9 млн сом;
- 2023-2024-жылдары — 2,4 млн сом;
- 2024-2025-жылдары — 2,2 млн сом.
Жыйында маалым болгондой, бүгүнкү күндө укук коргоо органдары аркылуу карыздар өндүрүлүп келет. Район аймагында жалпы 21 көмүр кампа ачылган. Жылдан жылга элдин көмүр отунун колдонуусу көбөйгөн. Калк үчүн көмүр отуну 25-30 миң тоннага чейин болсо, 2025-2026-жылдары 40 миң тоннадан ашык көмүр отуну жагылган.
Жергиликтүү бийлик карызкорлор моюнга илинген карыздарын тездетип төлөп, кийинки сезонго карызы жок киришин талап кылды.