Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарына жакын жерде 62 жаштагы аялды унаа сүзүп кетип, ал окуя болгон жерде көз жумган. Маркумдун жакындары кырсык болгон жерден кетип калган бир нече унаанын айдоочуларын издеп жатат.
Маркумдун уулу Turmush басылмасына берген комментарийинде кырсык 2026-жылдын 2-мартында саат 19:39 чамасында «Гаваи» эс алуу жайынын жанында болгонун билдирди. Кырсыктын кесепетинен 1964-жылы 14-мартта Кемин районунун Кызыл-Суу айылында туулган Мысаллиева Суура Корголдоевна каза тапты.
Анын айтымында, апасы Кеминдин кичи автобусу менен келе жатып жолдон токтотуп, «Гавайи» эс алуу жайы тарапты кѳздѳй өтүп бара жатканда «Toyota Windom» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Унаа сол жагы менен урган. Сол жагындагы күзгүсү талкаланып, апасы жолду көздөй ыргыган. Ал эми сүзгөн унаа 200 метрдей барып токтогон.
Апасын сүзүп кеткен унаанын айдоочусу келгенге чейин биринин артынан бири келе жаткан унаалар аны тебелеп кеткен. Анын кесепетинен апасы оор жаракат алган.
«Кайсы унаа сүзүп, тебелеп кетип жатканы тергөөчүдөгү видеодо бар. Алгачкы сүзгөн бала чым-коргондук болот. Ал биз менен байланышып, акыркы сапарга узатуу тажыясына кетчү чыгымдын баарын көтөрүп, аягына чейин жүрдү. Андан кийинки тебелеп кеткен 5-6-7-унаалардын айдоочулары дагы милиция тарабынан табылып, алар айып пулун төлөп, унааларын чыгарып кетишти. Ортодогу токтобой сүзүп кете берген 2-3-4-унаалардын айдоочулары табылбай жатат. Алардын экөө 7 орундуу минивен, бирөө жеӊил унаа болгон», - деди ал.
Маркумдун уулу айрым күбөлөр кырсыкты видеого, сүрөткө жакындан тартып алышканын кошумчалады. Ал аталган күбөлөрдөн далилдерди берүүнү суранды.
Маркум жолдошу менен «Гаваи» эс алуу жайына жакын жердеги Гидростроитель айылында жашчу. Сѳѳгү Кемин районунун Борду айылында жерге берилди.