Turmush — Кадамжай районунун Күлдү айылындагы №40 мектепте мугалим айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду.
Маалым болгондой, таймашка 8 мектептин мугалимдери катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Акжол Камбаров атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери ээледи. 2-орунду Күлдү жалпы билим берүү мектеби алса, 3-орунду С.Тешеев мектебинин мугалимдери жеңди.