Turmush — Панфилов районунда Кара-Балта—Чалдыбар унаа жолундагы чуңкурларды жамоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу №42 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Чыңгыз Токтоналиев билдирди.
Анын айтымында, Жайыл жана Панфилов райондорунун чектешкен Вознесеновка айылынан «Чалдыбар» унаа жол көзөмөл өткөрүү жайына чейинки унаа жолдун узундугу 25 чакырымды түзөт.
«Аң-чөнөктөрдү жамоо иштерине №42 жол тейлөө ишканасынан 2 бригада жана атайын 7 техника тартылган. Эң негизгиси жол оңдоонун сапатына көңүл бөлүнүүдө», - деди ал.
Ал 2026-жылга район боюнча жол тармагын оңдоо-түздөө жана асфальт төшөөгө 26,2 чакырым жол мерчемделген.