Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында унаа сүзгөн эне-кыз ооруканада дарыланып жатат.
25-мартка карган түнү саат 23:50 чамасында Ж.Абдрахманов көчөсүндө жөө өтмөктөн өтүп бара жатышкан Каракол шаарынын тургундары — 1988-жылы туулган С.М.С жана 2016-жылы туулган А.А.С.ны «Хонда Фит» унаасы сүзүп кеткен. Жабырлануучулар тез жардам унаасы менен Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилген.
Аталган ооруканынын маалыматына караганда, энеси жандандыруу бөлүмүндө, кызы сыныктар бөлүмүндө дарыланууда.
«38 жаштагы С.М.С. оор абалда, операция жасалды. Алдын ала боордун оң бөлүгү жабыркап, оң буту жана оң колунун сөөктөрү сынгандыгы тууралуу диагноз коюлду. Мээси чайкалган.
Алдын ала диагноз боюнча, кызы — 2016- жылы туулган С.А.С.нын мээ чайкалып, оң жак буту сынган. Травматология бөлүмүндө дарыланууда», - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, кырсык саат 23:50 чамасында болгон. Каракол шаарынын 1991-жылы туулган тургуну А.У.Т «Хонда Фит» унаасын айдап бара жатып, жөө өтмөктөн өтүп бара жатышкан 1988-жылы туулган С.М.С. менен 2016-жылы туулган А.А.С.ны сүзүп алган.
Бул жол кырсыгы Каракол ШИИБге катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.