Turmush — 25-26-март күндөрү Манас шаарында Ички иштер министрлигинин 2010-жылдын Апрель жана Июнь окуяларында курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жаркын элесине арналган самбо боюнча чемпионат уюштурулду.
Маалым болгондой, чемпионатка жалпы 14 команда катышып, алар өз ара күч сынашты. Жыйынтыгында байгелүү орундарды багындырган командаларга дипломдор, медалдар, кубоктор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.