Turmush — Бүгүн, 26-мартта Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое айылында алгачкы жолу «Ак-Илбирс» жаштар борбору ачылды, деп билдирет аймактык кабарчы.
Административдик-аймактык реформадан кийин Александровка, Садовое жана Сретенка айыл аймактары бириктирилип, курамына 7 айыл кирген жаңы Миң-Булак айыл өкмөтү түзүлгөн. Анын административдик борбору болуп Садовое айылы саналат.
Аталган айылда райондун акими Ниязбек Козуев, айыл өкмөтүнүн башчысы Денизбек Раимкулов, Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана жаштардын катышуусунда «Колхозная» айылдык маданият үйүнүн базасында «Ак-Илбирс» жаштар борбору ачылды. Иш-чаранын алкагында көргөзмөлөр уюштурулуп, жаш таланттар өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Салтанатта район акими Ниязбек Козуев менен Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Денизбек Раимкулов бул жаштар борборунун ачылышы маанилүү жана алгачкы саамалык экенин белгилешти.
«Жаштар борбору билим алууга, көп тил үйрөнүүгө гана эмес, келечек муундардын ар тараптуу өнүгүүсүнө да шарт түзөт», — дешти алар.
Андан соң иш-чаранын алкагында презентация өтүп, жаштар өз ойлору менен бөлүштү.
Крупская айылындагы Октябрь орто мектебинин 11-классынын окуучусу Доминика Найн уюштурулган көргөзмөнү жогору бааласа, Бажан атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Раяна Карыпбаева жана башка окуучулар жаштар борборунда ЖРТга даярданууга жана көп тил үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилеп, жергиликтүү жетекчилерге ыраазычылык билдиришти.