Turmush — Чүй облусунун Кемин районундагы тургун дагы бир айланма жол курууп берүүнү суранды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Токмок шаарында өтүп жаткан жолугушууда айтылганын Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Жолугушуу президент Садыр Жапаров тарабынан жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын арыз-даттанууларын сапаттуу жана өз убагында кароо боюнча берилген тапшырмалардын алкагында уюштурулууда.
Бүгүн, 26-мартта Чүй облусунун Токмок шаарындагы Н.Байтемиров атындагы маданият үйүндө Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун жана Кант, Токмок шаарларынын тургундары менен жолугушуу өтүп жатат. Аталган иш-чарага Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов, райондук мамлекеттик администрация башчылар, мэрлер, тиешелүү мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана аталган район, айыл аймактарынан келген жарандар катышууда.
Кемин районунун тургуну Сырга Якупова сунуш менен кайрылды.
«Чым-Коргон айылынан баштап Бообек, Ак-Бекет, Жаңы-Алыш айылдарынын жана Кемин шаарынын жанынан өткөн айланма жол керек болуп жатат. Өзүңөр билгендей, Бишкек—Нарын—Торугарт жолунда абдан көп кырсык катталат. Элдин коопсуздугу үчүн айланма жол керек.
Анан чоң жолдун боюнда мамлекеттик кызматкерлер таштанды терип жүргөнү уят иш. Бул жол тейлөө ишканасынын иши болушу керек. Үчүнчүдөн, ар кайсы жерге таштанды төккөн жарандарды аныкташ үчүн видеокамералар зарыл. Эгер алар аныкталып, айып салынса, бюджетке акча түшүп турмак.
Ак сакалдар сотуна көңүл бурулуп, колдоо болсо айылдагы майда-чүйдө келишпестиктер, үй-бүлөлүк зомбулуктар көзөмөлгө алынып, элдин накыл кеби менен жолго коюлмак. Азыр ак сакалдар сотуна көңүл бурулбай калды», - деди ал.
Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Бактыбек Жанкабылов Кеминде айланма жол куруу боюнча маселе каралбаганын билдирди.
«Бирок транспорт министрлигине сунуш менен кайрылабыз», - деди ал.