Turmush — Чүй облусунун айрым райондорунда жазгы дан эгиндерин себүү иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, быйыл жазында республика боюнча жалпы 32,6 миң гектар жерге кылкандуу дан эгиндери себилет. Анын ичинен Чүй облусунда 1,7 миң гектар жерге буудай, 6,3 миң гектар жерге арпа себүү пландалган. Арпа эң көп Чүй облусунда себилет. Андан кийин Жалал-Абад – 3,2 миң гектар, Баткен – 3,1 миң гектар, Ошто 0,9 миң гектар жерге себүү пландалган.
Күздүк себүү жумуштары республика боюнча 250 миң гектар аянтка пландалган. Факт түрүндө себилген күздүк дан эгиндердин ичинен буудай 152,2 миң гектар аянтты түзүп, анын 83,5 миң гектары кайрак жерлерге, 68,6 миң гектары сугат аянттарга себилген. Ал эми күздүк арпа жалпы 9,8 миң гектарга эгилген болсо, анын ичинен 2,9 миң гектары сугат, 6,8 миң гектары кайрак жерлерге туура келет.
Анын ичинен Чүй облусунда 100,2 миң гектар себилип, анын 94,56 миң гектары күздүк буудай (сугат — 37,4 миң га, кайрак — 57,1 миң га), 5,6 миң гектары күздүк арпа (сугат — 2599,0 га, кайрак — 3170 га) түздү.