Turmush — Бакай-Ата районунун Кызыл-Чарба айылынын 56 жаштагы тургуну Кабылан Буланбеков жыгачка жан салган усталардын бири. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, устачылык өнөр ага таятасынан, чоң атасынан өткөн.
«Мен өзүм кичинекей кезимден катачылыкка кызыгып келем. Анткени таятам темир уста, чоң атам болсо устачылык кылышкан экен. Мен дагы ээр чабам деп жыгач менен алектенип баштаганымда, өзүмдүн атам колдоп, бардык шаймандарымды камдап берген. Анан жыгач сырларын үйрөнүп, туура кургатканды өздөштүрдүм. Мисалы комузду өрүктөн чабам. Кайың менен талдан ээр чабам. Мен жасаган буюмдар жылдап жасалат десем жаңылбайм. Анткени даярдык 1 жыл мурун башталат. Алгач кыйып, аны шамал тийбей турган кылып, кургак кыйга көмүп анан күтөбүз. Талды кеч күздө талдын суусу кайткан учурда же эрте жазда талдын суусу чыга элек кезде кыйып алыш керек. Анан гана андан бир буюм жасоого мүмкүн.
Илгертен «бир ээрдин баасы бир кой» деп аталарыбыз баасын чечип койгон экен. Азыркыга чейин ошол баа сакталып келет. Мисалы учурда 20-25 миң сом. Менде эң кымбат сураган буюм бугунун баш сөлөкөтү болгон. Аны 400 долларга сураганга берген эмесмин. Мен үчүн ар бир буюм баасы жок. Баарын бирдей сүйүп жасайм», - деди ал.
Уста буга катар эле жубайы Гүлнара Жылкыбаева экөө 6 кыз, 3 уулдун ата-энеси экенин кошумчалады.
«Учурда үчөө мектепте окушат. Калганы баары бир кесиптин ээлери. Медайым, тиш жасоо боюнча техник, финансист, ветеринар. Бирок бардык балдарыбыз таланттуу. Кыздарымдын баары тигүүчүлүк кылып, токуу менен алектенишип, өнөрлөрүнүн аркасы менен кошумча киреше табышат. Кыздарымдын алды үй-бүлөлүү, бактылуу жашап жатышат. Алардын баарын жубайым экөөбүз болгон мээримибизди төгүп, жайы менен дыйканчылык кылып, күн суук болгон учурда устачылык кылып багып келебиз. Мен эң бактылуу жолдош, эң бактылуу атамын. Ар бир уул-кызыбыздын бактысын көрүү мен үчүн чоң бакыт.
Андан тышкары мени мергенчи катары таанышат. Жырткыч жаныбарларга тобубуз менен чыгып, аңчылык кылабыз. Алардын терисин мамлекетке өткөрөбүз. Элдин малына кол салган аймактардан чакырууларга барып, алардын көйгөйүн чечип келебиз», - деди ал.