Turmush — Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 17 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун үчүнчү каарманы — Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын 18 жаштагы тургуну Айсунат Адилетова.
Тоолору Кытай менен чектешкен Ат-Башы району
Ат-Башы району Кыргызстандын эң чоң райондорунун бири болуп эсептелет. Райондун жалпы аянты 19,1 миң чарчы чакырымды түзөт. Түштүгүнөн Кытай Эл Республикасы менен чектешсе, түндүгүнөн Нарын облусунун Ак-Талаа жана Нарын райондору менен, чыгышынан Ысык-Көл облусу, батышынан Ош облусу менен чектешет.
Кытай менен чектешкен Ат-Башы району асман тиреген бийик тоолор менен курчалган. Бул чек ара табигый тоскоолдуктар менен бекемделгендиктен, эки тарапка өтүү оңой эмес.
Райондун климаты катаал: кышы узак жана суук, жайы кыска. Ат-Башы Орто Азиядагы эң суук аймактардын бири катары белгилүү. Айрыкча Ак-Сай жайлоосунда кыш мезгилинде абанын температурасы -53 градуска чейин төмөндөйт. Суук климатка байланыштуу айрым улгайган тургундар ден соолугуна байланыштуу Бишкек же Нарын шаарына көчүп кетишкен учурлар да кездешет. Себеби суук аба ырайы, айрыкча кан басымы жогору адамдар үчүн кыйынчылык жаратат.
Тоолуу район болгондуктан, Ат-Башыда бир катар социалдык жеңилдиктер каралган. Башка аймактарга салыштырмалуу пенсиялар жана жөлөкпулдар жогору берилет. Ошондой эле жалпы республикалык тестирлөөдө кошумча упайлар каралып, бул жаштарга жогорку окуу жайларга тапшырууда кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Учурда Ат-Башы районунда 70 миңден ашуун калк жашайт. Райондо 19 айыл жана 11 айыл аймак бар.
Райондун аталышынын келип чыгышы
Эл ичинде айтылып келген уламыштардын бирине ылайык, VIII–IX кылымдарда бир жолоочу Арпа жайлоосу аркылуу өтүп бара жатып, аты да, өзү да чарчап, бир аз эс алууну чечет. Уктап ойгонгондо аты тоюп, күч-кубат топтоп алганын байкайт. Көрсө, ат арпага тойгон экен. Бирок аты жолоочуну көпкө чейин карматпай, кыйнай баштайт. Ачууланган жолоочу атты Арпа жайлоосунан азыркы Ат-Башы аймагына чейин кубалап келип, анын башын кесип, жыгачка сайып кетет. Ал жерден узак убакыт бою аттын башы сайылып тургандыктан, эл арасында бул аймак “аттын башы турган жер” деп аталып, бара-бара “Ат-Башы” деген атка айланган делет.
Ат-Башы эли атка өзгөчө мамиле кылат. Дээрлик ар бир үйдө ат байланып турат. Суук аймак болгондуктан жөө жүрүү кыйын, ошондуктан эл негизинен ат минип жүрүүгө көнгөн. Ушундан улам Ат-Башы району менен аттын ортосунда ажырагыс байланыш бар деп айтууга болот.

Ат-Башыдагы нарктуулук
Бөлүнгөндөй болбоюн, бирок Нарын облусунун Ат-Башы районунда башка аймактарга салыштырмалуу нукура кыргыз тилинде сүйлөшөт. Эл тилин бурмалабай, таза сактап келген. Ошону менен катар каада-салт, нарк-насил жана улуттук баалуулуктар да бекем сакталып калган.
Каада-салттарга токтоло кетсек, Ат-Башы районунда «кыздын чачын сары майлап өрүү» деген өзгөчө салт бар. Муну өзүм да тойлордо бир нече ирет көргөнмүн. Айылдагы аялдар жаңы келген келинди боз үйгө отургузуп, чачын сары майлап, экиге бөлүп өрүшөт. Оң жагын өкүл апасы, сол жагын жеңеси өрөт. Чач өрүү маалында келинге ак тилек, жакшы каалоо жана турмуштук кеп-кеңештер айтылат. Чачы өрүлүп бүткөн соң «жашооңор таза, тунук жана бекем болсун» деген ниет менен ак кебез байлап, андан кийин келинге ак жоолук салышат. Ошентип, келинди расмий түрдө үй-бүлөнүн мүчөсү катары кабыл алышат.
Райондогу тарыхый баалуу имараттар
Ат-Башы районунда тарыхый жана архитектуралык баалуулугу жогору болгон керемет имараттар бар. Алардын эң белгилүүсү — таштан курулган кербен сарай Таш-Рабат. Бул тарыхый эстелик 40 же 41 бөлмөдөн турат. Ал Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашып, илгери кербен сарай катары кызмат кылганы айтылат. Айрым тарыхый булактарда Таш-Рабат хан сарай болгон деген пикирлер да кездешет. Археологиялык казуулар учурунда ханга тиешелүү таажы жана башка баалуу буюмдар табылган. Ал эми Чокан Валихановдун маалыматына ылайык, бул жерде кербендер токтоп, соода-сатык жүргүзүлүп, кездемелер сатылган.
Кошой-Коргон — хан Кошойдун доорунан бери келе жаткан тарыхый комплекс. Бул жерде көптөгөн археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. 2007–2008-жылдары Кошой-Коргондун жанына ишкер А. Салымбеков тарабынан эки кабаттуу музей курулуп, анда коргондон табылган тарыхый буюмдар сакталууда. Айтымдарга караганда, коргондун дубалдары илгери 12 метрге чейин жеткен. Душман кол салган учурда аялдар менен балдарды коргондун ичине жашырып, эркектер сыртта салгылашкан.
Бүгүнкү күндө Кошой-Коргон урап, урандылуу абалга келип калган. Себеби ал топурактан курулган. Мамлекет тарабынан бул тарыхый эстеликке өзгөчө көңүл бурулуп, жок дегенде коргондун дубалдарын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлсө жакшы болмок. Анткени Кошой-Коргон кыргыз тарыхында өзгөчө мааниге ээ.
Ат-Башынын кыздары табигый сулуубуз
Биздин аймакта жасалма сулуулукка умтулуу анчейин байкалбайт. Эл табигый сулуулукту жогору коёт. Кудай берген көркү менен жашап, румяна коюп кыйналбайбыз, анткени суук аймакта эки бетибиз өзүнөн өзү кыпкызыл болот. Ат-Башынын кыздары сабырдуу, чыдамкай, бекем жана тың мүнөздүү болуп чоңоёт.