Turmush — Өзгөн шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан «Достук» паркы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу шаар мэри Залкарбек Каримов билдирди.
Анын айтымында, аталган парк көп жылдар бою жеке ишкерлер тарабынан иштетилип келген.
«Биз узак мөөнөттүү келишимди токтотуп, шаар тургундарынын эс алуусу үчүн шарт түзүп жатабыз. 21 млн сомго келишим түзүлүп, учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Ортосуна оргума коюлган, отургучтар орнотулат. Толугу менен жарыктандырылып, шаар тургундарынын сергек жашоосу үчүн машыгуучу шаймандар болот. Жашоочулардын, бизге келген туристтердин эс алуусу үчүн шарт түзүүгө аракет кылып жатабыз», - деди Каримов.
Эс алуу багын оңдоо иштерин «СК Байэл ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүп жатат.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «СК Байэл ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Жунусов Тилек Ниматиллаевич, түзүүчүсү — Атабаев Кайрат Эркинович. Компания 2020-жылы 10-январда каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.
Буга чейин «Достук» паркынын жанында ат үстүндөгү Манастын эстелиги коюлуп, пайдаланууга берилген болчу.