Turmush — «Жалал-Абад» санаториясына 2023-жылы 12 миң 298 эс алуучу кабыл алып, анын негизинде жалпы 141 миллион 953 миң 800 сом киреше тапты.
Кызматкерлердин маянасы былтыркы жылы 60 пайызга чейин жогорулаган. Өздөрүнүн каражатынан өлкө эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу жаңы корпус курулду. Мекемеге түшкөн каражаттарга 2022-жылы авариялык абалдагы жерлер оңдолсо, 2023-жылы капиталдын оңдоолорго басым жасалган. Мындай маалымат 6-март күнү жыл жыйынтыгында айтылып, кызматкерлер өздөрүнүн баасын беришти.
«Жалал-Абад» санаториясынын жетекчиси Рамиз Каимов акыркы 1 жылда жасалган жумуштар боюнча отчет берип, бардык иш-аракеттер курортту жакшыртууга, кызматкерлерге, эс алуучуларга шарт жаратууга жумшалып жатканын белгиледи.
«3 жыл мурун бул санаторияга келгенде киреше бөлүгүнүн эң жогорку тепкичи 87 миллион сомго жеткен экен. Биз киреше бөлүктү толтурууга, эс алуучуларга, кызматкерлерге мүмкүнчүлүк түзө турганыбызды айтканбыз. 2022-жылы бюджетибизди 121 миллион сомго жеткирсек, былтыркы жылы 141 миллион сомго чыкты. 2022-жылы авариялык абалдагы жана эл көп пайдаланган жерлерди оңдодук. Былтыркы жылы имаратта капиталдык оңдоолорду жүргүздүк. Кыргызстан профсоюздар федерациясы тарабынан жолдомолор эсебинен түшкөн акчага капиталдык оңдоо жүргүзө алчубуз. Бирок чоң курулуштарды жасоого жол берилбейт эле. Акыркы 2 жылда жолдомолордун 60 пайызын накталай сатуу менен жаңы корпус курууну колго алдык. Былтыр 2 кабаттуу 40 орундуу коттеджди пайдаланууга бердик. Быйылкы жылы биринчи кварталда дагы бир 2 кабаттуу коттедж пайдаланууга берилет. Негизги жолго таш тамандар төшөлдү», - деди ал.
Видео баяндамада айтылгандай, мекеменин бюджетине жыйналган 141 миллион 953 миң 800 сом акча каражатынын ичинен 131 миллион 259 миң 883 сом жолдомолорду сатуудан, кошумча киреше бөлүгүн 10 миллион 693 миң 900 сомду түзөт. Мындагы каражаттын 57 миллион 48 миң 719 сому Кыргызстан профсоюздар федерациясынын бөлгөн жолдомолорунун негизинде түшкөн болсо, 1 миллион 637 миң 737 сому «Кыргызкурорттуризм» башкармалыгы тарабынан берилген жолдомолорун сатуу эсебинен келген. Ал эми санатория өзү 72 миллион 573 миң 427 сомун жолдомолорду накталай сатуу жолу менен топтогон.
Жалпы кирешеден бир жылда санатория 122 миллион 53 миң 800 сом чыгаша жасаган.
Анын ичинен:
- кызматкерлердин айлык акысына 50 миллион 387 миң 500 сом жумшалган;
- социалдык төлөмдөргө 8 миллион 646 миң 200 сом которулган;
- эс алуучулар үчүн бөлүнүүчү тамак-аш азыктарына 40 миллион 383 миң сом жумшалган;
- дарылануучулар үчүн дары-дармектерге 573 миң 700 сом акча керектелген;
- чарбалык керектөөлөргө 9 миллион 463 мин 900 сом;
- негизги каражаттын амортизация чыгымдарына 5 миллион 891 миң 400 сом;
- кезектеги оңдоп-түзөөлөргө 2 миллион 53 миң 600 сом;
- пайда табууга кеткен салыктар 227 миң 100 сом;
- тез бузулуп кетчү буюумдар үчүн 2 миллион 23 миң 700 сом;
- ар кандандй административдик чыгымдарга 2 миллион 403 мин 700 сом жумшалган.
Капиталдык оңдоолор
Санаториянын флагманы — балчык ылай менен дарылоо бөлүмүн оңдоо 2022-жылдын аягында башталып, 2023-жылдын жарым жылдыгында толугу менен бүткөрүлгөн. Учурда бул бөлүм эс алуучулардын талабын толугу менен канааттандырат.
Мындан сырткары дарылоо корпусунун ички ажатканалары үчүн 1 миллион 122 миң 329 сом каражат ажыратылып, эркектер жана аялдар кирүүчү 4 ажаткана капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Резиденциянын жанындагы №3 булактын суу сактоочу (колодец) жайы жаңы салынып, ага 91 миң 140 сом чыгым кетти.
Бул арада санаториянын ички жолдорун жаңылоо иштери да ушул жылга туш келди. Эс алуучулар эң көп жүрүүчү борбордук көчө таш таман менен жаңыланды.
2 кабаттуу 40 орундан түзүлгөн эки коттедждин курулушу башталып, бирөөсү пайдаланууга берилди. Бул имаратка кеткен каражат жалпы 11 миллион 583 миң 433 сомду түздү. Ал эми экинчи жатак корпуста дээрлик басымдуу жумуштары бүтүп, курулуш 70 пайыздай аяктады. Ага азырынча 7 миллион 530 миң 957 сом каражат бөлүнүп берилди.
Ошондой эле, дарылоо корпусунда да оңдоо жумуштары жүрдү. Балчыкты даярдоо бөлүмүндө запастык тетиктер сатылып алынган. Анткени балчык даярдоо жайынын техникалары эскиргендиктен тынымсыз аварияга кептелип турат. Айтор корпустардагы абалды жакшыртуу үчүн утурумдук оңдоолор да жүрүүдө.
Эми санаториянын салыштыруу жагдайы боюнча, 2023-жылы да чоң айырма менен жумуш аткарылганы байкалат. Мисалы, санаториянын эн чоң тапкан кирешеси 2018-жылы 83 миллион 121 миң 590 сом болуп, рекорддук чекке чыкса, ал эми 2019-жылы 83 миллион 096 миң 126 сом жалпы киреше тапкан. 2020-жылы 48 миллион 252 миң 400 сом киреше алып келген. Бирок бул учурда коронавирус боюнча эпидемиялык абал сакталып турганын эске салуу керек. 2021-жылы 98 миллион 308 миң сом киреше менен чыгып, бардык көрсөткүчтөрдү артта калтырган. Бул учурдун жарымы да жаңы жетекчи келген мезгилге туура келет. Ал эми 2022-жылы мурдагы жылдардын эсебине салыштырмалуу чоң айырма байкалып, 126 миллион 686 миң 600 сомду түзүп, коюлган тапшырманы ашыгы менен аткара алган болсо, 2023-жылы мындан да жакшы көрсөткүчкө көтөрүлүп, 141 миллион 953 миң 800 сомго жеткен.
«Жалал-Абад» санаториясы — Кыргызстандагы өзгөчөлөнгөн дарылоо жана эс алуучу жай. Ашказан, ичеги-карын жана муун ооруларын дарылоодо өлкөдө эле эмес, Орто Азияда лидерлик кылат. Шаар четинен 3 км 400 метр аралыкта жайгашып, шаардан 975 метр бийктикте турат. Аянты 38,5 гектарды ээлейт.