Turmush — «Жалал-Абад» санаториясына өздүк каражытынан быйыл 2 коттедж курулат. Санаторияга 2022-жылы 12 миң 655 эс алуучу келип, анын негизинде 126 миллион сомдон ашуун каражат түшүп, киреше табуу боюнча буга чейинки рекордду басып өттү. Бул тууралуу аталган мекемеде жыл жыйынтыгы чыгарылган коллегияда айтылды.
Жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын санаториялык-курорттук жана туристтик уюмдар башкармасынын жетекчиси Улан Тумаков, «Жалал-Абад» санаториясынын жетекчиси Рамиз Каимов баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.
Баяндамада маалым болгондой, санаторияда эс алуучуларды кабыл алуу менен кирешеге чыгуу боюнча салыштырууда бир топ айырмачылыктар да белгиленди. Маселен, кирешеге чыгуу санаторияда 2018-жылы 83 миллион 121 миң 600 сом тапса, 2019-жылы 83 миллион 96 миң 100 сом таап, эң жогорку көрсөткүч катары бааланган. Ал эми 2020-жылы 48 миллион 252 миң 400 сом киреше алып келген. Бирок бул учурда коронавирус боюнча эпидемиялык абал таасирин берген.
2021-жылы 98 миллион 308 миң сом киреше менен чыгып, бардык көрсөткүчтөрдү артта калтырган. Бул учурдун жарымы да жаңы жетекчи келген мезгилге туура келет. Ал эми 2022-жылы мурдагы жылдардын эсебине салыштырмалуу чоң айырма байкалып, 126 миллион 686 миң 600 сомду түзүп, коюлган тапшырма ашыгы менен аткарылган. Бул 2022-жылы 12 миң 655 эс алуучунун кабыл алынуусу, жолдомолорду сатууда коюлган кадамдардын жемиши десе болот.
Былтыркы жылы табылган кирешенин ичинен 115 миллион 627 миң 200 сом жолдомолорду сатуудан түшсө, кошумча киреше бөлүгү 11 миллион 59 миң 400 сомду түзөт. Каражаттын 50 миллион 287 миң 500 сому Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жолдомолорунун негизинде түшкөн болсо, 1 миллион 349 миң 46 сом «Кыргызкурорттуризм» башкармалыгы тарабынан жолдомолорун сатуу эсебинен келген.
Ал эми санатория өзү 63 миллион 990 миң 664 сом жолдомолорду накталай сатуу жолу менен киреше кылган. Жалпы кирешеден өткөн бир жылда санатория 97 миллион 25 миң 900 сом чыгаша жасаган. Мунун ичинен кызматкерлердин айлык акысына 34 миллион 494 миң 600 сом, социалдык төлөмдөргө 5 миллион 781 миң 800 сом коротулган. Эс алуучулардын тамак-аш азыктарына 36 миллион 15 миң 500 сом жумшалган. Дарылануучулар үчүн дары-дармектерге 772 миң 400 сом акча керектелген. Чарбалык керектөөлөргө 9 миллион 94 миң 900 сом. Негизги каражаттын амортизация чыгымдарына 6 миллион 498 миң 400 сом, кезектеги оңдоп-түзөөлөргө 1 миллион 886 миң 200 сом, ар кандай чыгымдарга 2 миллион 482 миң 100 сом жумшалган.
Рамиз Каимов бул жылы кадамдар дагы да күчөй турганын, кызматкерлердин маяналарын көтөрүү боюнча да тиешелүү өкүлдөр менен сүйлөшүү жүрүп жатканын белгиледи.
«Биз келгенде жакшы өлчөмдө кирешеге чыга албасак, маяналарды көтөрө албасак, жумушубузду тапшырып бере турганыбызды айтканбыз. Бул баарыңыздардын эсиңиздерде болсо керек. 2021-2022-жылы да жакшы көрсөткүч менен чыкканыбызды өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Бул баарыбыздын эмгегибиз. Быйыл буюрса өзүбүздүн акча менен 20 орундуу, 1 кабаттуу болгон 2 корпус кошобуз. Быйылкы жылы эс алуучуларды батыра албай калган учур болду. Кошумча корпус салсак дагы 40 орун пайда болот. Күн жылыса биринчи коттедждин имаратынын курулушу башталат», - деди ал.
Ишке кирген имарат, капиталдык ондоолор
Дарылоо корпусунун гинекология бөлүмүнө 373 миң 165 сом каражат жумшалып, толук бүткөрүлүп, ишке берилген.
Санаториянын флагманы болгон миннералдык суу менен дарылоо бөлүмү дарылоо корпусу курулгандан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөй, начар абалга келип калган эле. Эс алуучулардын 90 пайызы минералдык ванна аркылуу дарыланышат. Ошол себептүү бул бөлүм биринчилерден болуп оңдоого муктаж болгондуктан капиталдык оңдоо толугу менен жүргүзүлдү. Ага 1 миллион 864 миң 153 сом сарпталды. Учурда заман талабына ылайыкташып, микроклиматтарды сактоо менен иштеп жатат. Учурда бул бөлүм эс алуучуларды талабын толугу менен канаттандырат.
Санаториянын айланасы 1980-жылдары коргондолуп, бир канча жери урап калган. Мындан улам санаториянын айланасында мал-жандыктар, кышкысын жылкылар жайыт катары пайдаланганы эс алуучуларга ыңгайсыздык пайда кылган. Ошондуктан бул жагдайды жоюу максатында 430 метр аралыгы кум тосмо менен тосулду. Учурда санаториянын айланасында эч кандай ачык жер жок.
Санаториянын кире беришин жашылдандыруу максатында 1 миң 320 чарчы метр жер даярдалып, көп жылдык газон чөп жана гүлдөр отургузулду. Мындан сырткары Тянь-Шань карагайдан 26 даана түп эгилди.
Санаториянын саркынды сууларды тазалоочу жайга кеткен түтүктөрдүн капкактары жок болгондугуна байланыштуу 83 бетон капкактар коюлуп, 118 миң 571 сом сарпталды. Саркынды суулар кеткен түтүктөр да эскилиги жетип, толуп калгандыгына байланыштуу 280 метр бөлүгү толугу менен алмаштырылды.
Балчык талаасы Кыргызстан эгемен алгандан бери ачык жатып, жаш балдардын киринүүчү жайына айланып калган. Жергиликтүү жашоочуларга бул кооптуу жагдайды жаратып турчу. Бул да тез арада планга киргизилип, 660 метр темир мамычалар орнотулуп, зым торчо менен тосмолонгон.
Кардарлардын көп келүүсүнө балчык менен дарылоо ыкмасы да чоң роль ойнойт. Мындан улам бул бөлүм капиталдык оңдоодон өтүүдө. Оңдоо жумуштары 70 пайызга бүтүп калды. Ошондой эле балчык даярдоочу жайынын кран балкасы эскилиги жетип, капиталдык оңдоого муктаж. Бул жылы дал ушул багытта иш жанданат.
Жыйында кызматкерлер да жыйынтыктуу иш аракеттер болгонун белгилешти.
Ал эми быйылкы жылы Кут-Болсун жатак корпусу толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
«Жалал-Абад» санаториясы шаар четинен 3 км 400 метр аралыкта жайгашып, шаардан 975 метр бийктикте турат. Аянты 38,5 гектарды ээлейт. 4 корпус, 2 коттедж, 6 бир кабатуу жатак үйлөр болуп, 346 орунду түзөт. Бир дарылоо корпус, ашкана клубу менен админстрадивдик корпус жана кир жуучу жай бар.