Turmush — Ош технологиялык университетинде тегер стол уюштурулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чарага Өзбекстан Республикасындагы жогорку окуу жайлардын — Андижан машина куруу институту, Андижан айыл чарба жана агротехнологиялык институту, Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун, Фергана политехникалык институтунун жетекчилеринин жана Кытай Эл Республикасындагы — Ouyu Huatong Beijing Trading Co., Ltd., Xinggong Constraction Co., Ltd. Компанияларынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын негизги максаты жогорку окуу жайлар арасында академиялык мобилдүүлүктөрдү жүргүзүү, чет өлкөлөргө докторантура (PhD/профил боюнча), магистратура жана бакалавр багыттары боюнча билим берүү ресурстарын экспорттоо, жогорку окуу жайлардын өсүп-өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу, эл аралык кызматташууларды кеңейтүү болуп саналат.