Turmush — Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагына караштуу Чакмак айылындагы жашоочуларга таза суу берилди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Чакмак айылында калк ичүүчү таза суунун бачогу туш тарабынан тешилип, жараксыз болуп, жашоочулар ичүүчү таза суусу жок калган.
Аталган көйгөйдү чечүү үчүн жаңы 25 тонналык өлчөмдөгү бочка алынып келинди. 98 кожолук ичүүчү таза суу менен камсыз болуп, жашоочуларга кайрадан суу берилди.
Каржылоо булагы жергиликтүү бюджеттен аткарылды.