Turmush — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кемин шаарынын мэринин кубогуна арналган эркин күрөш боюнча республикалык мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, спорттук мелдеш 2023-жылдын 20-22-октябрь күндөрү Н.Давлесов атындагы Кемин №3 орто мектебинин спорт залында өткөн. Ага 2008-2014-жылдары туулган өспүрүмдөр катышып, республика боюнча 278 жаш спортчу күч сынашты.
Мелдеш 12 салмак категория боюнча өттү.
1-орунду алган жаш спортчулар:
- 25 кг салмакта Баяман Жаргалбеков, Ысык-Ата району;
- 27 кг салмакта Фарид Дамирбеков, Бишкек;
- 29 кг салмакта Адилет Эсенбеков, Кара-Балта шаары;
- 32 кг салмакта Барсбек Майрамбеков, Бишкек;
- 35 кг салмакта Абдуназар Батырканов, Нарын облусу;
- 38 кг салмакта Миразиз Жолдошев, Бишкек;
- 41 кг салмакта М.Кемелбеков, Бишкек;
- 45 кг салмакта Ислам Сапарбеков, Кемин шаары;
- 48 кг салмакта Умар Конокбаев, Бишкек;
- 51 кг салмакта Байэл Тынарбеков, Токмок;
- 55 кг салмакта Умар Жакыпбеков, Токмок;
- 60 кг салмакта Мустафа Акбаров, Бишкек.