Turmush — Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун катышуусунда форум башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Форумга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргызстан менен Өзбекстандын билим берүү министрлеринин орун басарлары, эки өлкөнүн элчилигинин өкүлдөрү катышууда. Форумга Өзбекстандагы жогорку окуу жайлардын 30га жакын ректор жана проректорлор келди.
Форум башталганга чейин Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде мамлекеттик жана коомдук ишмер Батыралы Сыдыковдун айкели ачылды.
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамиленин 30 жылдыгына карата өткөрүлө турган иш-чаралардын алкагында «Достук» ордендүү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин базасында эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи эл аралык форуму өтүүдө.
Эки күнгө созулган форумда эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери билим берүү, илим изилдөө жана башка багыттар боюнча эки тараптуу келишимдердин түзүлүшүнө мүмкүнчүлүк табышат.