Turmush — 43 жаштагы Эдилов Талантбек Расабекович президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.
Turmush басылмасына маалым болгондой, бүгүн, 24-августта тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинен кол коюлду. Жаңы орун басар жамаатка эртең, 25-августта тааныштырылат.
Буга чейин президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп Канымет Осмонбеков иштеп жаткан. Ал президенттин буйругу менен Баткен облусунун Лейлек районунун акими болуп дайындалган.
Резюмесин жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча
14-08-2023
Лейлектин жаңы дайындалган акими Канимет Осмонбеков эмгек жамаатка тааныштырылды
11-08-2023
Президенттин Таластагы өкүлүнүн биринчи орун басары Канимет Осмонбеков кызматтан кетүүнү чечти