Turmush — Уристем Манапов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул маалыматты Turmush басылмасына Ош облустук администрациясынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, Манаповду дайындоо тууралуу буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
- Буга чейин Урситем Манапов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеп жаткан.
Ал эми Уристем Манаповдун ордуна, тактап айтканда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Тургунбаев Зарлык Тургунбаевич дайындалды.
- Буга чейин Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы болуп иштеп жаткан.
-----------------------------------
Социалдык тармакка тараган видеодон кийин 2023-жылы 14-апрелде президенттин Оштогу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов ээлеген кызматынан бошотулганы маалым болгон. Ошондой эле президенттин буйругу менен Ош облусунун Кара-Суу районун акими Турусбек Ногоев кызматынан бошотулган. Мындан сырткары Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулган.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...