Turmush — Тургунбаев Зарлык Тургунбаевич Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
Маалыматка караганда, буйрукка Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Э.Жантаев бүгүн, 6-сентябрда кол койгон.
-
З.Тургунбаев 1969-жылдын 7-февралында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылында төрөлгөн.
-
Ал буга чейин Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп жаткан. Ошондой эле буга чейин Кара-Суу шаарынын мэри болуп иштеген.
Маалыматтын жабык бөлүгүндө З.Турганбаевдин эмгек жолу бар.