Turmush — Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат. Алардын арасында Жылдызбек Мадиев да бар.
Ж.Мадиев Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин өзгөчө кырдаалдарда коргоо адистигинин ЗЧС-1-18 тайпасынын бүтүрүүчүсү. Ал ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында куткаруучу кызматында эмгектенүүдө.
«Жылдызбек учурда технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин өзгөчө кырдаалдарда коргоо адистигинин ЗЧСс-18 тайпасында билимин улантууда. Жылдызбек Мадиевдин иштерине ийгилик каалайбыз. ОшТУ өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында.
------------------------------------------------------
13-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баш болгон 35 адам, анын ичинде 3 дарыгер, 3 боз үй тиге турган киши Түркияга учуп кеткен. Алар жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, издөө-куткаруу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү иштерине катышат.
Мындан сырткары Түркияга 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана дары-дармек түрүндөгү гуманитардык жүк жөнөтүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 12-февралда Түркияга 80 куткаруучу, 3 дарыгер, 78 боз үй жана боз үй тигүүчүлөр жөнөтүлгөн.
Ал эми 7-февралда 67 куткаруучу жана 2 ит учуп кеткен.
Кыргызстандык куткаруучулар 5 жаранды тирүү куткарышты.