Turmush — Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинде болду.
ОшМУнун басма сөз кызматы билдиргендей, А.Жапаров окуу жайдын «Ак-Буура» кампусундагы медициналык клиниканын ишмердүүлүгү жана медицина факультеттеринин материалдык-техникалык базасы менен таанышты.
Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков «Ак-Буура» кампусундагы медициналык клиника жана ОшМУнун медицина клиникасынын курулуш долбоору менен тааныштырды.
«Биз туруктуу өнүгүүнүн максаттарын алдыңкы планга коюп, эл аралык таанууга ээ болуу үчүн негизги талаптарды аткарып, жаңы илимий технологиялардын жетишкендиктеринин негизинде студенттердин билим сапатын көтөрүп, билим берүүчүлүк-илимий-инновациялык комплекс катары университеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу менен жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүүгө багыт алуудабыз», - деди окуу жай жетекчиси.
Президенттин жарлыгы менен өлкөдөгү алдыңкы 5 жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилген. Анын катарында Ош мамлекеттик университети да бар. Учурда университет мамлекет тарабынан коюлган талаптарды белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашыруу үчүн «Ош мамлекеттик университетинин 2023-2026-жылдарга туруктуу өнүгүү модели» стратегиялык программасы иштелип чыкты.