Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл өкмөттөрдүн имараты кайсы жылы курулган? Аймактык кабарчы сураштырып чыкты.
Ысык-Ата районунда 18 айыл өкмөт бар. Алардын ичинен Люксембург айыл өкмөтүнүн имараты — эң эски.
Люксембург айыл өкмөтүнүн имараты 1950-жылы селсоветтин кеңсеси катары курулган. Курулушка кеткен каражаттын суммасы белгисиз. Калкынын саны — 7696 киши. Быйылкы бюджети — 22 млн 500 миң сом. Айыл өкмөт башчысы — Буйляшев Эсенбол Туратович.
Нурманбет айыл өкмөтүнүн имараты 1965-жылы курулган. Ага канча каражат кеткени белгисиз. 2022-жылдагы бюджети — 15 млн сом. Калкынын саны — 6444 киши. Айыл өкмөт башчысы — Өмүралиев Адис Мыктыбекович.
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн имараты 1968-жылы селсоветтин кеңсеси катары курулган. Калкынын саны — 8339 киши. 2022-жылга карата бюджети — 10 млн 984 миӊ сом. Айыл өкмөт башчысы — Жолдошев Максат Таалайбекович.
Милянфан айыл өкмөтүнүн имараты 1972-жылы курулган. Ага канча каражат кеткени белгисиз. Калкынын саны — 5317 киши. 2022-жылдагы бюджети — 10 млн сом. Айыл өкмөт башчысы — Бегалиев Рустам Асанбекович.
Юрьевка айыл өкмөтүнүн имараты 1973-жылы курулган. 2019-жылы кошумча имарат курулган. Быйылкы бюджети — 7,2 млн сом. Айыл өкмөт башчысы — Майлибашев Айбек Бекболотович.
Жээк айыл өкмөтүнүн имараты 1980-жылы курулган. Курулушка канча каражат кеткени белгисиз. Калкынын саны — 5265 киши. 2022-жылга карата бюджети — 10 млн сом. Айыл өкмөт башчысы — Абакиров Ранат Канатович.