Turmush — Нарын облусунун Жумгал районундагы айыл өкмөттөрдүн имараты кайсы жылы курулгандыгын аймактык кабарчы сураштырып чыкты.
Жумгал районунда жалпы 13 айыл өкмөтү бар. Имараттардын көпчүлүгү оңдоп-түзөөдөн өтсө, айрымдары жаңы салынган. Арасында 2 айыл өкмөттүн имараты жок: Көк-Ой жана Таш-Дөбө айыл өкмөттөрү. Алар айылдык маданият үйлөрүндө жайгашкан.
13 айыл өкмөттүн ичинен 3 айыл өкмөттүн 2-кабаттуу имараты бар.
- Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн имараты жок. Кызматкерлер 2013-жылы түптөлгөн айылдык маданият үйүндө эмгектенип келишет. Ал жерде бөлмөлөр тар, 1 бөлмөдө 4-5 адам иштейт.
Калктын саны — 2054. 2022-жылга карата бюджети — 5 млн 853 миң сом. Айыл өкмөт башчысы — Рита Саткынова.
- Көк-Ой айыл өкмөтүнүн имараты жок. Мурдагы имараты бала бакчага айланган. Кызматкерлер айылдык маданият үйүнүн ичинде убактылуу отурушат.
Маданият үйү 1960-жылы курулган. 2021-жылы 3,4 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөн.
Калктын саны — 3448. 2022-жылга карата бюджети — 6 млн 556 миң сом. Айыл өкмөт башчысы — Айбек Мамытбеков.
- Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн имараты 2019-жылы 2 млн 299 миң сомго жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган.
Калктын саны — 1478. 2022-жылга карата бюджети — 5 млн 969 миң сом. Айыл өкмөт башчысы — Кутболсун Сагынбек уулу.
- Кабак айыл өкмөтүнүн имараты 2015-жылы 1,3 млн сомго курулган. Эски имараты жарактан чыккан.
Калктын саны — 2333. 2022-жылга карата бюджети — 12 млн 853 миң сом. Айыл өкмөт башчысы — Эрлан Качкын уулу.
Калганын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.