Turmush — Ош шаарында жайгашкан «Манас-Ата» кафесинин профилин жеке турак жай кылып өзгөртүү боюнча Ош шаардык сотуна доо арыз берилди. Бул тууралуу Ош шаардык архитектуралык курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, доо арыз сотко ушул жылдын 7-июлунда жөнөтүлгөн.
«Ош шаардык сотуна Курманжан-Датка аймактык кеңешинин Аскар Шакиров көчөсүнүн №152 дарегинде жайгашкан «Манас-Ата» кафе-ресторанынын профилин жеке турак жай профилине өзгөртүү боюнча (жоопкер Юлдашбай Нематов) доо арыз менен кайрылдык», - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин «Манас Ата» кафесин бузуу маселеси боюнча архитектуралык курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгы сотко доо арыз менен кайрыла турганы маалым болгон.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы жоюлганына байланыштуу Ош шаарынын мэриясы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин алдындагы Ош шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгына А.Шакиров көчөсү 152 дарегинде мыйзамсыз курулган «Манас Ата» кафесинин имаратын баштапкы калыбына келтирүү боюнча доо арыз менен сотко кайрылууну тапшырган.
-
2022-жылы 30-июнда Ош шаардык прокуратурасы Ош шаарынын мэринин (Алмазбек Мамбетов), Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика көзөмөлү боюнча кызматтын Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгынын жетекчисинин, «Ошэлектр» ААКтын башкы директорунун (Мырзабаев Данияр Рыскелдиевич) атына сунуштама жөнөткөн.
- Катта прокуратура алардан техникалык шарттарды жокко чыгарып, коммуналдык түйүндөрдөн өчүрүп, кызыл сызыкка чыккан коомдук тамактануу түйүнүн бузуп жана баштапкы калыбына келтирүү боюнча сотко доо арыз менен кайрылууну сураган.
Буга чейин аталган кафеде журналисттер менен администратордун ортосунда кайым айтышуу болгон. Журналисттер кафедеги санитардык нормаларды текшерүүнү көздөп, бирок имаратка кире алышкан эмес.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы кафени текшерип, ээсине жана башкы ашпозчуга айып пул салган. Кафенин ишин токтотуп, суу жана электр энергиясын берүү токтотулган.
Кафенин боюнча ишти Ош шаардык мэриясы тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.