Turmush — Ош шаарындагы «Манас Ата» кафесин бузуу маселеси боюнча архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгы сотко доо арыз менен кайрылат.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы жоюлганына байланыштуу Ош шаарынын мэриясы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин алдындагы Ош шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгына А.Шакиров көчөсү 152 дарегинде мыйзамсыз курулган «Манас Ата» кафесинин имаратын баштапкы калыбына келтирүү боюнча доо арыз менен сотко кайрылууну тапшырды.
-
2022-жылы 30-июнда Ош шаардык прокуратурасы Ош шаарынын мэринин (Алмазбек Мамбетов), Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика көзөмөлү боюнча кызматтын Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгынын жетекчисинин, «Ошэлектр» ААКтын башкы директорунун (Мырзабаев Данияр Рыскелдиевич) атына сунуштама жөнөткөн.
- Катта прокуратура алардан техникалык шарттарды жокко чыгарып, коммуналдык түйүндөрдөн өчүрүп, кызыл сызыкка чыккан коомдук тамактануу түйүнүн бузуп жана баштапкы калыбына келтирүү боюнча сотко доо арыз менен кайрылууну сураган.
Буга чейин аталган кафеде журналисттер менен администратордун ортосунда кайым айтышуу болгон. Журналисттер кафедеги санитардык нормаларды текшерүүнү көздөп, бирок имаратка кире алышкан эмес.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы кафени текшерип, ээсине жана башкы ашпозчуга айып пул салган. Кафенин ишин токтотуп, суу жана электр энергиясын берүү токтотулган.
Учурда кафе боюнча ишти Ош шаардык мэриясы тарабынан түзүлгөн атайын комиссия текшерип жатат.
Кафени крууга кимдер уруксат бергенин жана башка маалыматтарды Turmush басылмасына катталуу менен окуңуз.