Turmush — Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп Алайчиев Руслан Болбурович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Шабдан Абыкаев кол койду.
Руслан Алайчиев айыл чарба багытында билим алган. Учурда Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинин 4-курсунун студенти.
Буга чейин Өзгөн шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп иштеген.
Толук өмүр баянын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.