Turmush — Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Шамшы айылынын 31 жаштагы тургуну Урматбек Досалиев «Арашан», Эдилбай жана гиссар породаларынан аргындаштырылган кочкорун 120 миӊ сомго баалады.
Өзүнүн айтымында, атасы чет өлкөдөн алып келген 130 баш меринос койду бала кезинен багып, мал чарбанын күнгөй-тескейин жакшы билет.
«Фермерлер дайыма изденүүнүн үстүндө жүрүшөт. Кайсыл өлкөдө, кайсыл аймакта бизге ылайыктуу мал болсо, ошону алып келүүгө аракет кылышат. Биздин айылдагы байкелер дагы Казакстандагы асыл тукум чарбалардан мыкты кочкор издеп жүрүп, «Арашан», Эдилбай жана гиссар породаларынан чыккан «Голиаф» аттуу 2 жашар кочкорду 138 миӊ сомго алып келишкен. Голиаф — деген аталыш грек мифологиясынан алынган экен. «Асманды ийининде көтөргөн» деген маанини берет.
Алып келген байке койлоруна эки жолу кошту. Абдан жакшы тукумдарын берди. Кийин бул кочкорду кошуна айылдагы бир байкелерге мыкты айгырга алмашты. Андан соӊ, алардан мен сатып алдым. Бул кочкордун документтерин жоготуп жиберишиптир. Жакын арада таап беребиз деп жатышат. Бизге келгени «Гриша» деген атка конду. Негизи алып келген байкелер мындан 200дөн ашуун тукум алышты. Козуларынын алды 35 миӊ сомго чейин сатылып жатты. Азыр «Гриша» 5 жашта, бою 1 метр 8 см, салмагы 170 килограммдан жогору, узуну (кежигедеги чуӊкурдан баштап куйругунун аягына чейин) 166 см. Дене түзүлүшү талапка жооп берет. Эки жолу базарга алып чыктым. Азыркы учурда сезон баштала экен. Бирок кардарлар четинен чыгып жатат. Алабыз дегендер жайлоого алып кетебиз деп жатышат», - деди ал.