Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 18.09.2019 13:02 На русском

Үйдү өрттөгөн эгиз балдар, куткарып калган ата: Таластагы окуянын чоо-жайы. Сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы 11 жаштагы эгиздер Бексултан менен Нурсултан Муханбетовдор 5 жашында үйдү өрттөп жиберишкен. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Бексултан: Биздин аттарыбызды чоң атам менен чоң апам койгон экен. Анткени биз төрөлгөн күнү чоң апамдын түшүнө биздин ысымдар менен байланышкан адамдар аян берген экен. Бизди көптөр алмаштырышат. Экөөбүз такыр урушпайбыз. Тескерисинче көп убакыт эки жакта жүрө албайбыз. Эки жакта көп жүрүп калсак Нурсултанды сагынып ыйлап дагы калам.

Бизге тең математика сабагы жагат. Эсептерди ойлонуп чыгарганды жактырабыз. Келечекте милиция кызматкери болобуз деп кыялданып калабыз. Анткени алар бейбаштарды кармап, ууруларды жок кылат.

Нурсултан: Мен улуусумун, бирок Бексултан мага караганда чапчаң жана бышык. Бексултандан идеялар көп чыгат. Мен аны колдоп турам. Мен жеңил атлетикага кызыгам жана мелдештерге катышып, машыгып турам. Буйруса келечекте спорт чебери болом деген тилегим бар.

Бексултан: Мен жакшы ырдайм. Нурлан Насиптин ырларынын баарын жатка билем. Бизди тааныгандардын баары эмгекчил балдар дешет. Себеби ата-энебиз бизди бардык жумушка үйрөтүшкөн. Ата-энем үйдө жок болсо дагы жумуштарды жасап, ачка калбайбыз. Бир тууган инибизди дагы багабыз. Досторубуз дагы көп. Баары жакшы балдар.

Балдардын апасы Гүлзада айым: Экөөнү бөлүп эки жакка жиберип койсом, тамак ипей, маанайы түшүп, ыйлап калышат. Жанымда калганы «түгөйүм качан келет?» деген суроосу менен аркамдан ээрчип жүрө берет. Бөлгөнү бөлүп алып, ыйлагандарын көрүп өзүм дагы ыйлап калам. Бөлбөгөгө аракет кылам.

Бексултан: Бизге эки жакта жүргөн жакпайт. Чоңоюп калсак деле бир жууркан жамынып жатабыз. Ойногондо дагы чогуу ойнойбуз. Эгер үйдө Нурсултан жок болсо ал келгенче үйгө кирбейм.

Мектептен эгиз эмес кыздарды жактырабыз. Бирок чоңойгондо эгиздерге үйлөнөбүз. Эгиз кыздарга үйлөнсөк бири-бирибизди түшүнөбүз деп ойлойм.

Апасы: Экөө далай шоктук кылышты. 5 жашында жашап жаткан үйүбүздү өрттөп жиберишкен. Мен жумушта болчумун. Кыштын күнү болгондуктан атасы үшүп калбасын деп үйдүн эшиктерин бекемдеп жаап, өзү алыс эмес жерде трактор оңдоп отура берген экен. Ошол кезде балдар үйдү жылытып коелу деп эки төшөктү 3 бурчтуу кылып бүктөп ичине кебез таштап, аны күйгүзүп алып өздөрү кара түтүндүн арасында отура беришиптир. Атасы «Негедир жүрөгүм сезди. Үйгө жакындасам айнектерден түтүн чыгып жаткан экен. Сырткы эшикти ачсам кара түтүндөн эч нерсе көрүнбөйт. Жөрмөлөп кирип балдарды алып чыктым» деген. Кудай сактаган балдарды. Азыр эми бейбаштыктарын айтып калсак кечирим сурап, кылгандарыбызды оңдоп-түздөйбүз деп тырыша жумуштарды жасап калышат (күлүп).

Жакшы эле кыйналып чоңойттук. Кайын энем дагы жардамдашкан. Түндө экөө сүйлөшүп алгандай дайыма чогуу ыйлашчу. Бирөөсүн эмгизгенде экинчиси такыр басылбай ыйлай бергенинен жолдошум алаксытып турчу. Азыр эстеп көп күлөбүз (күлүп).

Балдарды дайыма окшош кийинтем. Айырмалуу кылып койсом бирөөсү таарынып калгандай болуп жүрөгүм ооруп турат. Мен жок болгондо эле тапканын кийип алып кетип калбаса такай окшош кийинет. Жолдошум жакта эгиздер бар. Эми буйруса эгиз кыздуу болсок деп калабыз.

Нурсултан: Менин мүнөзүмдү атама окшош дешет. Атама көп жардам берем. Бексултан апама окшош. Бардык жумушту чарчадым дебей жасап коёт.

Эгиздер 3 бир туугандын улуулары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×