Turmush — Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 17 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун жетинчи каарманы — Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Тескей-Кожоке айылынын 20 жаштагы тургуну Расулбек кызы Роза.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Калкынын саны боюнча өлкөдө 2-орунда турат
Ноокат району Кыргызстандын түштүк-батышында, Ош облусунда жайгашкан. Район 1928-жылдын 24-декабрында түзүлгөн. Аянты 4,04 миң чарчы чакырымды түзөт. Аймак Өзбекстан менен, ошондой эле Баткен облусу жана Ош облусунун бир катар райондору — Кара-Суу, Кадамжай, Алай жана Чоң Алай менен чектешет. Тургундардын саны 331 миң 830 адамды түзөт. Калкынын саны боюнча өлкөдө Кара-Суу районунан кийин экинчи орунда турат. Административдик жактан 15 айыл өкмөтүнө жана 1 шарга бөлүнгөн.
Ноокатта пайдалуу кендер да бар: Абшыр, Алмалык, Бешбур–Кан аймактарында көмүр казылып, мындан тышкары курулуш материалдарынын кендери иштетилет.
Климаты континенттик мүнөздө. Жай мезгили ысык жана кургак болуп, орточо температурасы 24°С чамасына жетет. Кышында болсо абанын табы орто эсеп менен 2,6°С болуп, мелүүн суук сакталат, кар аз жаайт.
Ноокат аталышынын келип чыгышы
Айрым маалыматтарда Ноокат аймагы алгач “Долоно-Ой” деп аталганы айтылат. Буга негиз катары бул жерлерде мурда долоно (боярышник) көп өсүп, аймак саздак болуп, ар кандай жырткычтар байырлаганы көрсөтүлөт.
Дагы бир пикир боюнча, “ноо” — суу жүрүүчү түтүк (канал) деген маанини берет. Ноокаттагы Чили-Сайдын кире беришинде ак мармар таштан тик кесилип түзүлгөн “таш ноо” бар экени айтылат: узундугу болжол менен 2,5 чакырым, туурасы 10–15 метр, бийиктиги 30–50 метр. Эл арасындагы кептерге караганда, анын ичинде аалам сырларын ачкан сүрөттөр түшүрүлгөн.
Бул сүрөттөр — мурда жашап өткөн цивилизация өкүлдөрүнүн астрономия илими боюнча бизге калтырган “каты” болушу мүмкүн. Айрым божомолдордо аталган жер байыркы “обсерватория” катары кызмат кылып, жер аалам, галактика, ай, күн, ошондой эле байыркы адамдардын дүйнө таанымы, философиясы, календары тууралуу маалыматтарды камтыган космосту изилдөөчү жай болгон деп да айтылат. Буга байланыштуу “ноодогу кат” деген түшүнүктөн “Ноокат” аталышы келип чыгышы мүмкүн деген пикир бар.
Мындан тышкары, Ноокат сөзү “жаңы кат” дегенди түшүндүрөт деген да талаштуу версия кездешет. Айрымдар араб тилиндеги “ноу” жана “кат” сөздөрү “жаңы кат, жаңы жазуу” деген маанини берет дешет. Бул божомолго ылайык, аймактагы таш эстеликтерде, мүрзө башына коюлган балбалдарда араб жазуулары түшүрүлгөнү айтылат.
Ноокатта Мухаммед пайгамбардын сахабаларына байланыштуу делген Сааба-Мазар (кээде “Сахаба-Мазар” деп да айтылат) жайгашканы тууралуу маалыматтар бар. Ал жерде аалымдардын сөөгү коюлуп, арабча жазылган таш эстеликтер сакталган деп баяндалат.
“Ака" деген оозуңдан дешип...
Ноокат районунун эли сүйлөө өзгөчөлүгү, диалекти менен да айырмаланып турат. Муну мен Бишкекке келгенде өзгөчө байкадым. Мисалы, өзүмдүн бир тууган агамды “ака” деп атайм. Бир жолу телеканалга интервью берип жатып “ака” деп сүйлөп койсом, кийин комментарийлерге “ака деген оозуңдан” деп көп жазышыптыр.
Менимче, буга Ноокатта өзбек туугандар менен катар жашаганыбыз да таасир этсе керек: айрым сөздөр, кайсы бир айтылыштар ошол жактан сиңип калгандай. Бирок ата-энем мугалим болгондуктан, үйдө диалектти көп колдонбойбуз. Негизинен адабий кыргыз тилинде сүйлөөгө аракет кылабыз.
Ошентсе да, айрым кайрылуулар биздин сүйлөөдө сакталган. Мисалы, бир тууган агамды “Акбий ака” деп айтам, инимди “укам” дейм. Атамдын бир туугандарын “аба” деп атабыз. Апамдын улуу абысындарын “чоң апа” дейбиз, ошондой эле кичүү келиндерге “жеңе” деп кайрылабыз. Мындан тышкары, апамдын туугандарын “тага”, “таеже” деп атайбыз.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Тарыхы терең кылымдарды камтыйт
Археологиялык изилдөөлөр бул аймакта мындан 40 миң жыл мурда, палеолит доорунда эле адам жашагандыгын айгинелейт. Айрым үңкүрлөрдөн б.з.ч. IV–I кылымдарга таандык адамдар колдонгон эмгек куралдары табылган.
Алгачкы коло дооруна байланышкан байыркы Чуст маданиятынын издери Бөрү-Дөбө аймагынан да аныкталган. Бул табылгаларды археолог Ю. А. Заднепровский 1981-жылы каттаган. Окумуштуулардын пикиринде, б.з.ч. II кылымдарда бул жерде жер иштетүү менен алектенген уруулар жана уруулук топтор жашаган.
Коло доорунда Фергана өрөөнүндөгү болжол менен 80 турак жайдын белгилүү бир бөлүгү азыркы Ноокат аймагына туура келгендиги айтылат. Ошол мезгилде бул аймакта Давань (айрым булактарда Дубан болушу мүмкүн) мамлекети болгон деген да божомолдор бар. Анын издери Ноокат менен Абшыр-Сай тараптагы тоо тектерине чегилген “Асман аттарынын” сүрөттөрүндө сакталган деп айтылат.
7 саны көп кездешкен район
Кыргыз элинде 7 саны өзгөчө ыйык деп эсептелет. Кызыгы, Ноокат районунда да 7 көп жолу кайталанып кездешет: жети суу, жети тоо (чоку) жана аймакты курчап турган жети ата бар. Алар: Кыргыз-Ата, Олуя-Ата, Абшыр-Ата, Кочкор-Ата, Камал-Ата, Таштар-Ата, Кызыр-Ата. Ушунун өзү эле Ноокатты сыр-табышмакка бай жер катары сыпаттатат. Айтор, бул аймак ар кандай уламыштары жана өзгөчө жайлары менен келгендерди таң калтырып келет.
Ошол керемет жерлердин бири — Абшыр-Ата шаркыратмасы. Эл арасындагы уламыштарда илгери бул жерден сүт агып турганы айтылат. Бирок адамдар аны ыйык деп билбей, таза колдонбой койгондон кийин ал сууга айланып кеткен дешет.
Ноокат брендине айланган алма жана тамеки
Ноокат алмасы менен кеңири таанылып, түштүк аймагында өзүнчө бренд катары аты чыккан. Анын алмасын издегендер көп, ал эми картошкасы жана башка жашылча-мөмөлөрү да өзгөчө даамы менен айырмаланат. Мындан тышкары, Ноокаттын тамекиси да бир кезде брендге айланып, аны Уинстон Черчилль да жогору баалаган деген маалыматтар айтылып келет.
Аймакта сугат иштерине кеңири колдонулган ири суулар бар. Алардын катарына Кыргыз-Ата, Абшырсай, Ак-Буура, Кичи-Алай, Косчан, Шанкол, Чечме, Чилисай дарыялары кирет. Ошондой эле бул системаны Найман суу сактагычы толуктайт.
1. Кажамжай районунун кызы — Алина Исакова
2. Өзгөн районунун кызы — Кумара Токсобаева
3. Ат-Башы районунун кызы — Айсунат Адилетова
4. Нарын районунун кызы — Бегайым Советова
5. Баткен районунун кызы — Самара Абдикаримова
6. Талас районунун кызы — Адиана Аманбекова