Turmush — Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 17 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун алтынчы каарманы — Талас райоунун районунун 22 жаштагы тургуну Аманбекова Адиана Майрамбековна.
Арыбаңыз, менин аты-жөнүм Аманбекова Адиана Майрамбековна. Өзүм 22 жаштамын, Талас облусунан болом. Талас району тууралуу айта кетсем, ал өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Жалпы аянты 5257,8 чарчы чакырымды түзөт. Түндүгүнөн Казакстандын Жамбыл облусу менен, батышынан Бакай-Ата жана Манас райондору менен, түштүгүнөн Жалал-Абад облусу менен чектешет.
Таластын аталышынын тарыхы
Талас районунун аталышынын келип чыгышы боюнча эл арасында айтылып келген эки вариант бар. Биринчиси — бул жер абдан кооз болгондуктан, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда талаш жер болуп, “талаш жер” деген сөз айтыла берип, кийин “Талас” аталышына айланган делет. Экинчиси — “тал аз” деген сөздөн келип чыккан деген пикир. Башкача айтканда, бул аймакта бак-дарактар аз болгондуктан “тал аз” деп айтылып жүрүп, Талас болуп калган экен.
Таластын “Ынтымак” көк бөрү командасы
Мен өзүм Талас районунун Талды-Булак айылынан болом. Бирок “Талды-Булак” десең, көптөр биле бербейт, көбүнчө эл бул жерди “конезавод” деп тааныйт. “Конезавод” деп аталып калышынын да тарыхы бар: Союз учурунда бул жерде атайын ат тапталып, мыкты күлүктөр чыккан. Ошол айылдан чыккан жигиттер көк бөрү оюнунда “Ынтымак” командасынын атынан ойношот. Жигиттер да, аттар да ушул биздин айылда тарбияланып, тапталат.
Көк бөрү — адамдын ден соолугуна залакасы тие турган оор оюндардын бири. Ошентсе да эмне үчүн бул оюнда ойношот? Анткени бул оюнду илгертен кыргыз эли ойноп келген. Максаты — жигиттердин көк жалдуулугун текшерүү, кайраттуулугун жана жүрөктүүлүгүн сындоо болгон. Бул оюн бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Биздин айылдан Эржан аттуу жигит “Ынтымак” курама командасында оюн көрсөтүп жүрөт. Анын убактысынын көбү көк бөрүгө кетет: эртеден кечке ушул ишке жан үрөп, бүт күчүн арнайт. Тактап айтканда, көп нерсени курмандыкка чалса керек — убакытты, жаштыкты, ден соолукту. Ошого карабастан, ал облустун жана жалпы кыргыз элинин намысын көк бөрү аркылуу коргоп келет.
“Манас Ордо” комплекси жаңыланууда
1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата “Манас Ордо” комплекси негизделген. Бирок көп жылдар бою комплекс дээрлик өзгөрүүсүз болуп келген. 2025-жылы жай мезгилинде комплекс толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүшү үчүн жабылды. Бул бизди абдан кубандырды. Себеби быйылкы Эгемендүүлүк майрамы дал ушул Талас районундагы “Манас Ордо” комплексинде өтмөкчү. Адатта комплекс айкелдерден, бак-дарактардан жана дөңсөөдөн турат. Бирок бардык нерсе өз заманына жараша болушу керек да. Азыр комплексте заманбап технологиялар менен реконструкция жүргүзүлүп жатат, буюрса жакынкы аралыкта бүтүп калат деп ойлойм. Мунун арты менен сырттан туристтер, коноктор жана өзүбүздүн мекендештерибиз Таласка келип, кооз жаратылышыбызга жана элибиздин меймандостугуна күбө болуп кетишет деген үмүтүм бар.
Төө буурчак тууралуу
Баарына белгилүү болгондой, Таласта төө буурчак (фасоль) жакшы өсөт. Өзүбүздүн эле туугандарыбыз төө буурчакты алып, Чүйгө алып барып эгип көрүшкөн экен. Бирок бышканда куурабай, чырмоок болуп өсүп, бактарды чырмап, жакшы бышпай койгон. Мындан тышкары, Ысык-Көл жана Нарын облустарында да өстүрүп көрүшүптүр, бирок ал жакта да жер-шарты туура келбей, куурап же өсүп чыкпай калган экен. Демек төө буурчакка Таластын климаты жана жери абдан ылайыктуу.
Өзүмдүн таятам менен таенем да төө буурчак эгишет. Бирок акыркы убакта мөңгүлөрдүн азайышы жана суунун тартыштыгы төө буурчак өстүрүүгө тоскоол болуп жатат. Айрым маалыматтарга караганда, 2030–2035-жылдары бул маселе дагы да курчушу мүмкүн экен. Ошондуктан азыртан алдын алуу чараларын көрүү керек деп ойлойм.
Негизи кыргыз эли төө буурчакты көп жей бербейбиз, бирок чет өлкөлөрдө, өзгөчө Түркияда, абдан баалап жешет экен. Төө буурчак да эт сыяктуу эле организм үчүн пайдалуу азык дешет. Эгер төө буурчагыбызды атайын таңгактап, өз атыбыздан бренд кылып, чет өлкөгө чыгара алсак, экономикага да салым болмок деп ойлойм. Жакында бул багытта иш баштагандар бар экенин да көрдүм. Ушундай иштер кеңейсе, балким Таласты жана Кыргызстанды ушул азык аркылуу да таанып калышат.
Таарынсаң Таласка кет...
“Таарынсаң Таласка кет” деп коёбуз го. Бул сөз эмнеден улам чыкканын кызыгып көрдүм. Көрсө, толук варианты “Таарынсаң Таласка кет, Таласта Манас бар” деп айтылат экен. Чындап карасак, Манас Таласка отурукташкан кезде 40 чоро ар кайсы элден чогулуп келет. Алардын баары эле кыргыз улутунан болгон эмес: мисалы, Ажыбай Индиядан келген, Алмамбет Кытайдан келген. Баары Таласка келип, Манаска кошулуп, чоро болушат. Эмне үчүн? Анткени Манас аларды “сен качкынсың, сен келгинсиң” дебестен, кучагын жайып кабыл алган, "тонсуз келген чорого тон жакшысын кийгизген, атсыз келген чорого ат жакшысын мингизген" делет. Муну айтканымдын себеби — Талас элинде айкөлдүк бар.
Таластын эли орой
Көптөр “Таластын эли орой” деп айтышат. Мен аны да моюндайм: кээде бетке чабар, катуу, ачык, түз айтат, эч нерсени кагазга же кийизге ороп отурбайт. Бирок ошол түз айткан мүнөздүн жакшы жагы да бар деп ойлойм: алдап-сулап кетейин, басынтайын деген арамдык аз болот. Кандай болсо, ошондой жасалмалуулук жок. Айкөлдүк бир гана Манаста эмес, элинде да бар деп эсептейм. Элде кечиримдүүлүк, меймандостук күчтүү: “сен башка жактан келдиң” дебей, келген адамды өз тууганындай тосуп алып, сый-урматын көрсөтөт. Балким, бул да Манастан кан аркылуу келип, ооздон оозго айтылып жүрүп, мүнөз болуп калыптангандыр.
Таластын кыздарынын калыңы кымбат
Тамаша иретинде “Таластын кыздарынын калыңы көп” деп айтылып жүрөт. Анткени кыздарды бала кезинен эле турмушка бышырып, физикалык жана моралдык жактан даярдашат. “Манас” эпосунан дагы бир мисал келтиргим келет. Эмнегедир Манас менен Таласты байланыштыргым келе берет. Мисалы, Каныкейге Манас калың мал төлөйт. Ал учурда калың мал мал менен өлчөнгөн. Манас калың малды Букарага айдап барганда, Букардын эли “жер титиреп жатабы?” деп чочуп кеткени эпосто сүрөттөлөт. Бул малдын көптүгүнөн жер титирегендей көрүнгөнүн билдирет. Кийин ошол калың малды акчага айландырып эсептей келгенде 22,8 миллиард сомду чапчыйт. Ал эми чет элдик валюталардын бири — жашыл акчага которгондо 270 миллион доллардан оойт. Ошону кээде мисал кылып сөз арасында айтып жүрөбүз.
Кыргыздын кыздары негизинен кайраттуу келет деп ойлойм. Башына кыйынчылык түшсө, мөңгүрөп отуруп калбайт. “Кең көйнөктүн тазасы, аялзаттын паашасы, ургаачынын улуусу” деп Каныкей энебиздин сапаттарын даңазалашат го. Манас каза болгондо, Каныкей “Манас өлдү” деп сынып калган эмес: Манастан калган жетимди сактайм деп, кайненеси Чыйырдыны далысына көтөрүп, 6 айлык баласын кучактап, Букарды көздөй жөө качкан деп айтылат. Бул жерде анын чыдамкайлыгын, бекемдигин байкасак болот. “Жоого салса күң болбойт, отко салса күл болбойт” деп Каныкейди сүрөттөшөт. Демек, кыргыздын кыздары көп нерсени көтөрө билген, жолдошун колдогон, ар тараптуу күчтүү сапатка ээ деп эсептейм. Айтылып жүргөндөй, “Манасты Манас кылган Каныкей” деген сөздүн да маңызы ушунда.
Тарыхын билбеген келечегин да билбейт
Тарыхты билбесең, жети атаңды тааныбасаң, келечекке карай ишенимдүү кадам таштоо кыйын. Мен “кыргыздардын келечеги жок, баарыбыз маңкурт болуп баратабыз” деп айта албайм. СССР учурунда көп нерсеге тыюу салынган: кыргыз деп, Манас деп сүйлөгөндөр кысым көргөн, репрессиялар да болгон. Бүгүнкү күндө андай эмес. Мен кыргыз деп күйгөн, кыргыз деп жанган мыкты жаштарды — мыкты жигиттерди, кыздарды билем. Албетте, “кереги жок, бул жерде калбайм” деген тескери ойлонгондор да бар. Бирок “ат айланып, казыгын табат” дегендей, сен ушул жерде төрөлүп-өстүң — каякка барба, туулган жердин топурагы алтын. Менин ишенимимде, кыргыз өз өзөгүнө кайтат: улуу эл экенин түшүнөт, анан ошондо сыймыктанат. Өз тилин унутпай, уңгусун улап, түбөлүгүн түздөйт.
Буга чейинки каармандар:
1. Кажамжай районунун кызы — Алина Исакова
2. Өзгөн районунун кызы — Кумара Токсобаева
3. Ат-Башы районунун кызы — Айсунат Адилетова
4. Нарын районунун кызы — Бегайым Советова
5. Баткен районунун кызы — Самара Абдикаримова