Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 21.01.2014 17:03

Советтер союзуна эч ким тийише албайт, анткени атомдук бомбасы бар, - А.Салымбеков (фоторепортаж)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна бүгүн, 21-январь күнү жаңы түптөлгөн «Эмгек» партиясынын лидери Аскар Салымбеков келип, жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач Аскар Салымбеков Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун жергиликтүү калкы менен жолугуп келгендигин, азыр Кочкор райондорунун тургундары менен жолуга тургандыгын баса белгилеп, партиянын түптөлүшү жана анын ишмердүүлү тууралуу тааныштырып өттү.

Жолугушууда, жаңы партиянын түзүмү жана алдыдагы аткара турган иштери менен бир катар партиянын катарына кирүү жоболору жана кызматтык иш штабтары тууралуу баарлашуу болуп, элден келип түшкөн кайрылууларга токтолуп, айрым орчундуу маселелерге жардам берерин убадалап өттү.

Өз сөзүндө, партиянын төрагасы Жумгал районунун аймагындагы спорт комплекстерин, мектеп имараттарына жана айыл чарба иштерине багытталган каражаттан жардам берерин айтты. Элден түшкөн жеке арыз, кайрылууларды да алып, колунан келишинче көмөк көрсөтө тургандыгын билдирди.

«Жаңы кадамдарды алып келели, экономиканы оңдоого алып келебиз, экономикабыз азыр кыйрап турат, илгерки курулуш завод, фабрикаларыбыздын баары жоголуп, тонолуп кеткен. Азыр чакан бизнес, чоң бизнестерди башташыбыз керек. Экономикабыз көтөрүлсө, казынабыз толсо, анан иш алдыга жылат», - деди А.Салымбеков.

Ал кошумчалагандай, азыр тартип катуу болуш керек, айрым өлкөлөр кантип өнүктү, Германия, Япония кандай көтөрүлдү? Ошондой катуу тартип менен мисалы, Сталин кандай көтөрүп кетти. Жумгалга жөө келип, Миң-Кушка чейин жөө жалаңдап, ат менен барып уран таап иштетип, Россияга атом бомбасын калтырып кетпедиби. Мына азыр Советтер союзуна эч ким тийише албайт, анткени атомдук бомбасы бар. Биз дагы тартипти катуу сакташыбыз керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×